Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 24-декабры ПЖ № 376
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын
17-июлундагы № 191 “Кыргыз Республикасынын “Менин
үйүм” мамлекеттик турак жай программасын бекитүү
жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
“Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын он тогузунчу бөлүгүн ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 191 “Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасын бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибинде:
– 4-пунктун 9-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– аскер кызматчыларына аскердик кызматты өтөө мезгилинде алардын аскердик кызматты өтөгөн жерине карабастан, катышуунун бардык белгиленген критерийлери жана Программага катышууга арыз берүүнүн тартиби сакталган учурда Программага катышуу укугу берилет.”.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |