Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-декабры № 824
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 98 “Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 187 “Кыргыз Республикасында аткаруу өндүрүшүнүн системасын жана сот аткаруучулардын ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 17-мартындагы № 98 “Жарандык жана үй-бүлөлүк иштер боюнча өз ара укуктук жардам маселелери жөнүндө эл аралык келишимдердин алкагында түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пунктта түрдүү жөндөмөлөрдөгү “Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |