Редакцияот 07.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVI-сессиясы

2023-жылдын 07-мартындагы № 52

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамына ылайык жайыт комитетинин бюджетин, айыл өкмөтүнүн аймагындагы шарттуу малдардын баасын бекитип берүү максатында, токтом кыламын:

 

1.    Шарттуу малдын баасы; Сырттан келген малдардан баасы:

- Бодо мал – 130 сом; - Бодо мал – 300 сом.

- Торпок - 100 сом; - Торпок – 200 сом.

- Жылкы - 130 сом; - Жылкы – 300 сом.

- Кой-эчки - 30 сом; - Кой-эчки – 60 сом.

 

2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети 2023-жылга карата;

- киреше бөлүгү - 300000 сом.

- чыгаша бөлүгү – 300000 сом бекитилсин.

 

3. Жайыт комитетинин туруктуу кызматкерлеринин маянасы; 150000 сом, анын ичинен;

- жайыт комитетинин төрагасынын эмгек маянасы 6700 сом

- жайыт комитетинин эсепчисинин эмгек маянасы 5800 сом, ай башына бекитилсин.

 

4. Жайыт комитетинин менчигиндеги НИВА автоунасы кызматтык автоуна катары колдонуга берилсин.

 

5. 2023-жылда жайыт комитети менен жайыт пайдалануучулардын ортосундагы түзүлгөн келишимдин талаптарын аткарбаган жана жайыт акыны төлөбөгөн жайыт пайдаланучуларга жайыт аянты бөлүнүп берилбесин.

 

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов