ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVI-сессиясы
2023-жылдын 07-мартындагы № 53
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал участкасындагы №525, 502 контурундагы 5,10 га жер участогуна түзүлгөн ширф №51/14 21.11.2022-жылкы башкы планын бекитип берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал участкасындагы №525, 502 контурундагы 5,10 га жер участогуна түзүлгөн ширф №51/14 21.11.2022-жылкы башкы планын бекитип берүү максатында, токтом кыламын:
1. Кыргыз Илим изилдөө жана шаар куруунун түштүк региондук бөлүмү тарабынан Бахмал участкасындагы №525, 502 контурундагы 5,10 га жер участогуна түзүлгөн ширф №51/14 21.11.2022-жылкы башкы планын бекитилип берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, турак жай салуу үчүн мыйзам негизинде иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
3. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгынан сунуш кылынсын.
4. Эски башкы планды 61 участок болсо жаңы башкы планга 64 участок болуп өзгөртүлсүн.
5. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде даярдап берүү жагы суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |