Редакцияот 03.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХVII-сессиясы

2023-жылдын 03-майындагы № 54

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгашалары боюнча айылдык кеңешке берген отчёту, 2023-жылдын титулдук барагын бекитүү жана 2022-жылдан үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 “Бюджеттик Кодексине”, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышы, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга титулдук барагын бекитүү жана 2023-жылдын 1-январына карата үнөмдөлгөн акча каражатын титулдук барака кошуп кароо жөнүндө маселени айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо” боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын сунуштарынын негизинде токтом кыламын:

 

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин кирешелер жана чыгалар боюнча аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Өзгөн райондук финансы башкармалыгына жана Райондук казна бөлүмүнө берген отчётунун негизинде Дөң-Булак айылдык кеңешинин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо” боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, киреше бөлүгүнүн 112,8% аткарылгандыгын жана чыгаша бөлүгүнүн сарамжалдуу пайдалангандыгы менен таанышып, айылдык кеңештин сессиясында жактырылып, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга аткарылган бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүмүнүн отчетун канааттандырарлык деп кабыл алынсын.

2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата бюджеттен 6793,0 миң сом ал эми атайын каражаттар эсебинен үнөмдөлгөн 322,6 миң сом акча каражаты Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин титулдук баракчасына ылайык бекитилсин.

 

3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин корголгон статьялардан ашканы титулдук баракчага ылайык сарпталсын.

 

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөң-Булак айылдык кеңештин “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов