Редакцияот 14.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы 

 

2025-жылдын 14-ноябры № 55

А.Масалиев айыл аймагындагы 14,7 га жер аянтын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

А.Масалиев айылдык кенешинин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы  “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндөгү №62 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык,  А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. А.Масалиев айыл аймагындагы №1,№2,№7,№18,№32 контурларында жайгашкан жалпы  14,7 га, (Исфайрам дарыясы 2,16 га,  мал айдоочу жай 8,45 га, аскалар 0,99 га, башка жерлер 1.99 га, башка жерлер 0.35 га, башка жерлер 0,76 га ) жер аянттарын ГЭС куруу үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.  
  2. Тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүп Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы жер комиссиясынын кароосуна сунуштоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарбасы  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

    

Төрага

 

Т.Галботоев