Редакцияот 14.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы 

 

2025-жылдын 14-ноябры № 61

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн балансында  турган кызматтык унаасын А.Масалиев айылдык кеңешине бекитип берүү жана кызматтык автоунаага күйүүчү майга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маелелни карап  жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө токтомунун 5-тиркемесине негиз  А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. А. Масалиев айыл өкмөүнүн балансында турган ВАЗ212114 үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа А.Масалиев айылдык кенешине бекитилип берилсин.

 

  1. Кызматтык автоунаага ай сайын 200 (эки жүз) литрден күйүүчү май бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери М.Исажановго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

4.      Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5.    Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү А.Масалиев айылдык кеңешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

    

 

Төрага

 

Т.Галботоев