Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVIII-сессиясы

2023-жылдын 09-июнундагы 60

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма участкасынын тургуну Отунчиев Тургунбай Ураевичтин жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма участкасынын тургуну Отунчиев Тургунбай Ураевичтин турак жай ээлеген жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп элди тейлөө үчүн ишкана цех курууга, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу” (тарнсформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине негиз жана Отунчиев Тургунбай Ураевичтин жазган арызын эске алуу менен айыл өкмөтүнүн бюджетин көтөрүү максатында токтом кыламын:

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма участкасындагы турак жай ээлеген жер аянтынын ээси Отунчиев Турганбай Ураевичтин 1200 чарчы метр жер аянтынын мамлекеттик актысынын сериясы Ч № 404122 берилген күнү 2012-жылдын 25-июлу, идентификациялык коду 5-06-03-1004-0342 сандуу жер тилкесинин ичинен 340 чарчы метр аянтын пайдалануу багытынын мамлекеттик актысын калкты тейлөө үчүн тейлөө үчүн ишкана цех курууга макулдук берилсин.

2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгына сунуш кылынсын.

3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов