Редакцияот 28.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышы) кезексиз1Х сессиясы

 

2025-жылдын 28-ноябры № 01-5/52

Сүлүктү шаарынын 2026-жылга карата түрткү  берүүчү грантка сунушталуучу долбоорлордун өздүк салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын 2026-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жыл 1-мартындагы “Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу  боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” №103 токтомуна ылайык  Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Сүлүктү шаарынын 2026-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган төмөнкү  долбоорлордун жалпы өздүк салымы 13 470 133 сом акча каражаты жергиликтүү  бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн  2026-жылдын бюджетине киргизилсин;

 

1. Сүлүктү шаарындагы Советская көчөлөрүнө асфальт төшөө долбоорунун өздүк салымы 2 000 194 сом;  

2. Сүлүктү шаарындагы Д.Жороев көчөлөрүнө асфальт төшөө долбоорунун өздүк салымы 1 969 073 сом; 

3.  Сүлүктү шаарындагы Раззаков жана Кулматов көчөлөрүнүн боюндагы Отбасаров көчөлөрүнүн кесилишине чейинки лотокторду капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун өздүк салымы 601 890 сом;

4. Сүлүктү шаарынын И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинин чатырын капиталдык ооӊдоодон өткөрүү долбоорунун өздүк салымы 1 116 547 миӊ сом;

5.  Сүлүктү шаарынын М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинин терезелерин алмаштыруу жана мектеп алдына брусчатка төшөө долбоорунун өздүк салымы 2 549 171 сом;

6. Сүлүкутү шаарынын мэриясынын имаратынын фасадын, тирөөч дубаалдарын капиталдык оӊдоо долборунун өздүк салымы 2 416 940 сом;

7. Сүлүктү шаарынын Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинин терезелерин жана эшиктерин алмаштыруу долбоорунун өздүк салымы 2 816 319  миӊ сом;

 

1.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Б.А.Абдуназаров