ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVIII-сессиясы
2023-жылдын 09-июнундагы 67
Кошумча план алуу боюнча
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 82-беренесине ылайык Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу коммиссиясында каралып, токтом кыламын:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин бала бакча бөлүмүнүн ата-энелер каражаттар эсебинин 2218 беренесинен 145,0 миң сом акча каражаты бала бакча бөлүмүнүн атайын каражаттар эсебинин 3112 беренесине, аппарат бөлүмүнүн 2221 беренесинен 83,0 миң сом акча каражаты айыл чарба бөлүмүнүн 3111 беренесине, аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесинен 400,0 миң сом акча каражатын 4-кварталдан 3-кварталга, билим берүү бөлүмүнөн 2224 беренесинен 60,0 миң сом акча каражаты бала бакча бөлүмүнүн 2224 беренесине жылдырылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Курманбаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |