Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-декабры № 841
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын кадр саясатын жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында конкурс өткөрүүнүн жана кадрлар резервин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
– 13-пунктта:
он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– параметрлери укук коргоо органы тарабынан белгиленүүчү сүрөттөр;”;
тɵмɵнкүдɵй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
“– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди билүүсүн күбөлөндүрүүчү ыйгарым укуктуу органдын сертификаты.”;
– 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“30. Конкурстун бардык этаптарын өткөрүүдө видео жазуу жүргүзүлөт.”;
– 39-пункттун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кадрлар резервинен чыгарылган талапкерлерге Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо, окутуу курстарынан, квалификациясын жогорулатуудан, кайра даярдоодон жана стажировкадан өтүүдөн баш тартканда, бош кызмат ордун сунуштоо үчүн чакырууга эки жолу келбегенде жана “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 6-бөлүгүндө каралган учурларда он төрт жумуш күндүн ичинде билдирүү жиберилет.”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматка алгачкы жолу алынган 35 жаштан ашкан адамдар дайындалуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмегинде:
– 3-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда
1. Маалыматтык технологиялар тармагындагы адистердин кызмат орундары (IT-адистер).
Эскертүү. Орто жана улук жетектөөчү курамдын кызмат орундарына 35 жаштан жогору, бирок 40 жаштан жогору эмес, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар адамдар кабыл алынышы мүмкүн.
2. Медициналык кызматкерлердин кызмат орундары.
Эскертүү. Орто жана улук жетектөөчү курамдын кызмат орундарына 35 жаштан жогору, бирок 45 жаштан жогору эмес, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес эмгек медициналык стажы бар адамдар кабыл алынышы мүмкүн.
Зарыл болгон учурда саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык медициналык персоналдын маянасы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишими боюнча орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарын ээлөөгө жол берилет.
3. Курулуш чөйрөсүндөгү адистердин кызмат орундары.
Эскертүү. Орто жана улук жетектөөчү курамдын кызмат орундарына 35 жаштан жогору, бирок 47 жаштан жогору эмес, курулуш жаатында 5 жылдан кем эмес стажы бар адамдар кабыл алынышы мүмкүн.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык эмгек келишими боюнча орто жана улук жетектөөчү курамдагы кызмат орундарын эркин жалданган персоналдын маянасы менен ээлөөгө жол берилет.”;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Конкурстук тандоосуз кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызмат орундарынын тизмегинде:
– 3-глава төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Курулуш чөйрөсүндөгү адистердин кызмат орундары.”.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бекитилген штаттык санынын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 103 (3760) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |