Редакцияот 09.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХVIII-сессиясы

2023-жылдын 09-июнундагы 70

Бала бакчалар үчүн ата-энелерден ата-энелик взносун 2023-жылдын июлунан тартып тарифтик суммасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бала бакчалар үчүн ата-энелерден ата-энелик взносун 2023-жылдын июлунан тартып тарифтик суммасын бекитүү жөнүндө Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Д.Курманбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап, токтом кыламын:

 

1. Бала бакчалар үчүн ата-энелерден ата-энелик взносу 2023-жылдын июлунан тартып тарифтик суммасын 800(сегиз жүз) сом болуп бекитилсин.

 

2. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция тартуу маселелери боюнча туруктуу коммиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов