Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы № 672 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын калкына медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо көрсөтүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык иштелип чыккан, саламаттык сактоо, билим берүү уюмдарында жана социалдык камсыздоо мекемелеринде тубаса жана кийин пайда болгон оорулардан жабыркаган, курч, өнөкөт оорулар, жаракаттардын кесепеттери, ошондой эле эмгекке жөндөмдүүлүктү убактылуу жана туруктуу жоготууга, кийин майыптыкка жана жашоо-тиричиликтин чектелишине алып келген туруктуу функциялык бузулуулар менен шартталган ден соолугу начарлаган адамдарга медициналык реабилитацилоо жана абилитациялоо көрсөтүү тартибине карата жалпы талаптарды белгилейт жана регламенттейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) медициналык реабилитациялоо - бейтаптын организминин кадимкидей иштешин калыбына келтирүүгө жана анын оорунун натыйжасында бузулган функционалдуу мүмкүнчүлүктөрүн компенсациялоого багытталган медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекси;
2) абилитациялоо - жаракат алуунун же оорунун натыйжасында күчүн жоготкон функцияларды калыбына келтирүүнү сунуштаган, али калыптана элек функцияларга жана көндүмдөргө ээ болууга же өнүктүрүүгө жардам берүү максатындагы процесс;
3) мультидисциплинардык команда (МДК) - бейтапты жеке реабилитациялоо программасын биргелешип иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу ар түрдүү профилдеги адистердин тобу.
2-глава. Саламаттык сактоо уюмдарында медициналык реабилитациялоо
3. Медициналык реабилитациялоо ушул Тартиптин негизинде саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Мындан тышкары медициналык реабилитациялоо саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген клиникалык протоколдорго жана бейтаптын оорусун диагностикалоо критерийлерин, ошондой эле реабилитациялык кызматтын максаттарын жана милдеттерин, жиберүү тартибин, сапатты контролдоону, бөлүмдүн түзүмүн, реабилитациялоо бөлүмүнүн тиешелүү түрдө жабдылышын, штаттык расписаниеси жана ар бир адистин иш графиги менен МДКтин курамын камтыган стандарттарга негизделет.
4. Медициналык реабилитациялоо медициналык уюмдар же медициналык реабилитациялоо боюнча жардамды (кызмат көрсөтүүлөрдү) көрсөтүү менен медициналык ишке лицензиясы бар башка уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
5. Медициналык реабилитациялоо медициналык жардам көрсөтүүнүн деңгээлине карабастан бардык саламаттык сактоо уюмдарында: стационардын жалпы койкалык фондунан 5% кем эмес - акы төлөнүүчү негизде жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (мындан ары - БМСЖ) деңгээлинде саламаттык сактоо уюмунун консолидацияланган бюджетинин эсебинен же бирдиктүү төлөөчү системасынан тышкары иштеген саламаттык сактоо уюмунун бөлүнгөн бюджетинин алкагында - 10% кем эмес уюштурулууга тийиш.
6. Медициналык реабилитациялоо саламаттык сактоо уюмунун түзүмүнө ылайык жүргүзүлөт:
1) стационардык шарттарда жардам көрсөтүүчү медициналык уюмдардын эрте медициналык реабилитациялоо бөлүмдөрү жана стационардык медициналык реабилитациялоо бөлүмдөрү тарабынан (күнү-түнү медициналык байкоо жүргүзүүнү жана дарылоону камсыз кылуучу шарттарда);
2) стационардык жана амбулатордук жардам көрсөтүүчү медициналык уюмдардын медициналык реабилитациялоо бөлүмдөрү тарабынан (күнү-түнү медициналык байкоо жүргүзүү жана дарылоо каралбаган шарттарда), анын ичинде телемедициналык технологияларды колдонуу менен.
7. Медициналык реабилитациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууда бейтаптын жеке багытын аныктоо үчүн медициналык реабилитациялоо шкаласы (мындан ары - РШ) жана/же иштөөнүн эл аралык классификациясынын (мындан ары - ИЭК) шкаласы колдонулат. Ошол эле учурда кошумча профилдик шкаланы колдонуу жокко чыгарылбайт.
8. Медициналык реабилитациялоо саламаттык сактоо уюмдары тарабынан төмөнкү этаптар боюнча жүргүзүлөт, ошол эле учурда этаптарды сактоо бейтаптын клиникалык-функциялык абалына жараша болот:
биринчи этап - эрте стационардык жардам;
экинчи этап - адистештирилген стационардык жардам;
үчүнчү этап - амбулатордук дарылоо;
төртүнчү этап - санаториялык-курорттук дарылоо.
9. Эрте стационардык жардам реанимация, интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө негизги оору (абал) боюнча адистештирилген, анын ичинде жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмунун күнү-түнү иштеген стационарынын шарттарында жүргүзүлөт жана оордошууну алдын алууга жана базалык калыбына келтирүү процесстерин калыптандырууга багытталган эрте реабилитациялоо иш-чараларын жүргүзүүнү камтыйт.
Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жашоо үчүн маанилүү функцияларды колдоо жана калыбына келтирүүнү;
- бейтапты пассивдүү жана активдүү мобилизациялоонун башталышын;
- психологиялык колдоону;
- оордошууну баштапкы алдын алууну.
Курс аяктаганга чейин бейтап реанимация жана интенсивдүү терапия бөлүмүнөн (мындан ары - РИТБ) абалынын профили боюнча адистештирилген бөлүмгө которулган учурда реабилитациялык дарылоо эрте медициналык реабилитациялоо бөлүмүнүн МДКтин күч-аракети менен улантылат.
МДКтин курамы (врач-физиотерапевт, врач-реабилитолог, врач-ДДТ, инструктор-ДДТ, невролог, кардиолог, ортопед, уролог, психолог, медайым, эрготерапевт, логопед, ийне терапевти, массажист) "медициналык реабилитациялоо" профили боюнча медициналык жардамга муктаж болгон бейтаптардын категориясын эске алуу менен аныкталат. МДКтин мүчөлөрүнүн саны "медициналык реабилитациялоо" профили боюнча медициналык жардам көрсөтүүчү адистештирилген медициналык уюмдун же бөлүмдүн койкалык кубаттуулугуна жараша аныкталат.
Биринчи этаптагы дарылоо аяктагандан кийин кечиктирилгис адистештирилген жардам көрсөткөн бөлүмдүн башчысы же эрте реабилитациялоо бөлүмүнүн башчысы дарылоочу врач менен биргеликте бейтаптын көз карандылык даражасын РШ шкаласы жана/же ИЭК көрсөткүчтөрү боюнча баалоо аркылуу реабилитациялоонун кийинки этаптарына которуу жөнүндө чечим кабыл алат.
10. Реабилитациялык дарылоонун ар түрдүү этабына өтүүдө бейтаптын жанында паспорту, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (болсо), дарылоо жүргүзүлгөн медициналык уюмдан чыгаруу эпикризи, стационардык этапта текшерүүнүн жыйынтыктары, ооруканага жаткырууга жолдомо (ооруканага жаткыруу үчүн форма) болууга тийиш. Адистештирилген стационардык жардам адистештирилген медициналык реабилитациялоонун алкагында медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмунун шарттарында (анын ичинде реабилитациялоо борборлорунда же медициналык реабилитациялоо бөлүмдөрүндө) жүргүзүлөт жана күчүн жоготкон же бузулган функцияларды калыбына келтирүүгө, бейтаптын активдүүлүк жана адаптациялоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Бейтаптарды медициналык реабилитациялоонун экинчи этабын жүргүзүү үчүн которуу медициналык реабилитациялоо боюнча адис (реабилитациялык медицина адиси) менен консультациядан кийин жүргүзүлөт.
Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жеке медициналык реабилитациялоо программаларын;
- физиотерапияны, дарылоочу дене тарбияны, массажды;
- логопеддик жана психологиялык жардамды;
- медикаменттер менен коштоону;
- социалдык жана эмгектик адаптациялоону.
11. Амбулатордук дарылоо амбулатордук шарттарда (анын ичинде күндүзгү стационар түрүндө же үйдө) жүргүзүлөт жана жетишилген натыйжаларды бекемдөөгө, эмгектик жана социалдык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошондой эле кайталануучу күчөп кетүүнү жана оордошууну алдын алууга багытталган.
Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- колдоочу дарылоону;
- реабилитолог менен үзгүлтүксүз иштөөнү;
- бейтаптын абалын контролдоону;
- реабилитациялоо программасын оңдоп-түзөөнү;
- психосоциалдык колдоону.
Медициналык реабилитациялоонун үчүнчү этабында реабилитациялык дарылоо төмөнкү шарттарда баштапкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтүүдө жүргүзүлөт:
- күндүзгү стационар шарттарында (күндүзгү стационардын медициналык реабилитациялоо бөлүмү);
- амбулатордук шарттарда (медициналык реабилитациялоонун амбулатордук бөлүмү), анын ичинде телемедициналык технологияларды колдонуу менен.
12. Санаториялык-курорттук дарылоо - реабилитациялоонун кийинки этабы, ал бейтаптын абалы турукташып, бирок организмдин функцияларын калыбына келтирүү жана оордошууну алдын алуу талап кылынган стационардык дарылоодон кийин жүргүзүлөт.
Ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- табигый дарылоо факторлорун (климат, суу, ылай ж.б.);
- ДДТ, дарылоочу массажды, ийне рефлексотерапияны, диетотерапияны;
- физиотерапияны, эрготерапияны, бальнео жана гидротерапияны;
- психологиялык жардамды жана турукташтырууну.
3-глава. Социалдык камсыздоо уюмдарында майыптыгы бар адамдарды медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо
13. Майыптыгы бар адамдарды медициналык реабилитациялоо аймактык медициналык-социалдык эксперттик комиссияларда (мындан ары - МСЭК) майыптыкты күбөлөндүрүүнүн жүрүшүндө иштелип чыгуучу жеке реабилитациялоо программасынын (мындан ары - ЖРП) жана абилитациялоонун алкагында жүргүзүлөт.
14. Майыптыгы бар адамды ЖРПде медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо, билим берүү уюмдарында аларды аткарууга жооптуу адамдарды көрсөтүү менен реабилитациялык иш-чараларды жана кызмат көрсөтүүлөрүн камтыйт.
15. МСЭК жаранды алгачкы, ошондой эле кайра күбөлөндүрүүдө майыптыкты белгилеген учурда ЖРПни иштеп чыгат.
16. Саламаттык сактоо уюму МСЭКке жиберүүдө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген № 088-У формага ылайык майыптыгы бар адамды медициналык реабилитациялоо боюнча жыйынтыктарды жана андан ары медициналык реабилитациялоо боюнча сунуштамаларды камтыйт.
17. Социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо маселелери боюнча төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
1) өзүн-өзү тейлөө көндүмдөрүнө, реабилитациялоонун техникалык каражаттарын колдонууга милдеттүү окутууну жана аларды күнүмдүк жашоо шарттарына адаптациялоого багытталган башка чараларды караган, майыптыгы бар адамдарды социалдык реабилитациялоонун мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) майыптыгы бар адамдарды кесиптик реабилитациялоонун мамлекеттик программаларын ишке ашыруу жана ишке орноштурууга көмөктөшүү, анын ичинде кесиптик окутууну жана кайра окутууну уюштуруу, жумуш орундарына адаптациялоону камсыз кылуу, ошондой эле ишке орношууда колдоо көрсөтүү;
3) майыптыгы бар балдарды тарбиялаган үй-бүлөлөргө социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүү чараларын камсыз кылуу, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, окутуучу иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле бала багууга жардам көрсөтүү;
4) майыптыгы бар балдар үчүн физикалык, когнитивдик жана социалдык жөндөмдөрүн мүмкүн болушунча максималдуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган эрте кийлигишүүнүн мамлекеттик программаларын ишке киргизүү.
4-глава. Билим берүү уюмдарында медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо боюнча кадрларды даярдоо
18. Медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо жаатындагы кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү ишин милдеттүү лицензиялоо менен, менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоонун билим берүү уюмдары жана билим берүү мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасында медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо жаатындагы адистерди даярдоо боюнча жалпы координациялоону саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
19. Саламаттык сактоонун билим берүү уюмдары билим берүү уюмдарынын окуу программаларына жогорку жана орто медициналык билим алуучу угуучулар үчүн, ошондой эле жогорку врачтык жана ар түрдүү профилдеги орто медициналык адистиктерди жогорулатуу жана/же өркүндөтүү курстарында "Медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо" багыты боюнча тематикалык бөлүмдөрдү киргизет.
20. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган медициналык реабилитациялоо жана абилитациялоо маселелери боюнча төмөнкү милдеттерди ишке ашырат:
1) алардын мазмунуна, көлөмүнө жана мезгилдүүлүгүнө карата талаптарды белгилөө менен инклюзивдик билим берүү жана реабилитациялоо маселелери боюнча педагогикалык кызматкерлер, психологдор жана социалдык кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуунун милдеттүү курстарын уюштурууну жана өткөрүүнү камсыз кылуу;
2) майыптыгы бар балдар үчүн билим берүү мекемелеринин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну, окуу программаларын адаптациялоону жана окутуунун атайын методикаларын колдонууну караган инклюзивдик билим берүүнүн мамлекеттик программаларын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке киргизүү;
3) өзгөчө билим берүүгө муктаж болгон балдар менен иштеген педогогикалык кызматкерлерди жана адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, анын ичинде кесиптик окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурууну камсыз кылуу;
4) ар түрдүү формадагы майыптыгы бар балдар үчүн эрте аныктоо жана кийлигишүү, түзөтүүчү сабактарды өткөрүү, ошондой эле кесиптик багыт берүү боюнча иш-чараларды камтыган адистештирилген билим берүү программаларын түзүү жана ишке ашыруу;
5) майыптыгы бар балдарды окутууга, өнүктүрүүгө жана медициналык реабилитациялоого комплекстүү мамилени камсыз кылуу максатында билим берүү уюмдарынын жана реабилитациялоо борборлорунун туруктуу өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу.