Редакцияот 04.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин VlII чакырылышынын кезексиз  XVI сессиясы

 

2025-жылдын 4-декабры № 124

Суу-Башы  айыл аймагынын айыл өкмөтү Республикалык денгээлде “Мыкты айыл өкмөтү” сынагында женип алган 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражатын беренеге отургузуп жана акчаны бөлүп берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине  ылайык, айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын  4-декабрындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы  айыл аймагынын айыл өкмөтү Республикалык денгээлде “Мыкты айыл өкмөтү” сынагында жеңип алган 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн чыгашалар бөлүгүнө 22 15 беренесине отургузулсун.
  2. Суу-Башы  айыл аймагынын Бужум айылындагы 120,0 га жер аянтына  жасалган Башкы планына деталдык пландаштыруу долбоорун жасоо үчүн, 2 446 833 (эки миллион төрт жүз кырк алты мин сегиз жүз отуз үч) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин, калган 553167(беш жүз элүү үч мин бир жүз алтымыш жети) сом акча каражаты ар түрдүү чыгымдар үчүн бекитилсин.
  3. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек маянасына 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражатын 22 21 учурдагы ремонт иштери беренесинен 21 11 эмгек акы  беренесине которууга  макулдук берилсин.

4.    Токтомду аткарууга алуу жагы жана бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзам чегинде иштетилишин, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысына милдеттендирилсин.

5.    Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төраганын орун басары

Д.Байзаков