АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 22-декабры №34
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин беренелерине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Кыргыз республикасынын Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-,39-беренелерине ылайык жана Ак-Сай айыл өкмөтунүн башчысынын у.м.а Исакова Гулсананын билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
- Ак-Сай айыл өкмөтүнүн кирешелер планына (14151200) жер казынасынын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн, жыйымдар беренесине акча каражатын толуктоо аппарат бөлүмүнүн (2215) башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу беренесине 989,200 сом акча каражатын кошуп берүү жагы суралсын
- Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
- Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
- Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Тѳрайым |
Ш.Омурова |