Редакцияот 10.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V-сессиясы

 

2025-жылдын 10-июлу № 37

“Видео байкоочу аппараттарын сатып алууга,акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө ”.

 

  Лейлек райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы,милициянын полковниги А.Т.Шагамурзаевдин 2025-жылдын 16-июнундагы чыгыш № 34.7/1001 сандуу сунуш катынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

                                               Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

  1. Лейлек райондук Ички иштер бөлүмүнүн башчысы,милициянын полковниги А.Т.Шагамурзаевдин 2025-жылдын 16-июнундагы чыгыш № 34.7/1001 сандуу сунуш катынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун маалыматы көңүлгө алынсын.

 

  2.Ак-Суу айылындагы Ак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебинин алдына заманбап видео байкоо аппаратын сатып алуу үчүн Ак-Суу  айыл өкмөтүнүн бюджетиненен 70 000(жетимиш миң) сом акча каражатын берүүгө  макулдук берилсин.

 

  3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.

 

 4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А. Саматов