Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 13-октябры № 48

 “Кезектеги IV Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ курамын бекитүү жана чогулуштарды өтүү жерин, графигин белгилөө жөнүндө”.       

                                            

     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 01-октбрындагы №01-13/904 чыгыш сандуу катын аткарууга алып, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  VIII сессиясы

                                             Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

1. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматов жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик Кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 01-октбрындагы №01-13/904 чыгыш  сандуу катынын негизинде берген маалыматы көңүлгө алынсын.

 

2. “ Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө ” Жарлыкка ылайык түзүлгөн Жалпы жобонун негизинде  Ак-Суу айыл аймагында жергиликтүү кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн адистеринен төмөнкү курамда Жумушчу тобу түзүлгөндүгү көрсөтүлсүн.

      1.Саматов.А.Р.-Айылдык кеңештин депутаты.(Төрага)

      2.Кадыров.Ж.-Айылдык кеңештин депутаты.

     3.Рахманкулов.О.-Айылдык кеңештин депутаты.

      4.Хайитов.И.-Жеңиш а/айыл башчысы.

      5.Мовлонова.Л.- Айылдык кеңештин депутаты.

      6.Нзырбаева.С.-Айылдык кеңештин депутаты.

      7.Анаркулов.Ж..-Айылдык кеңештин депутаты.

 

3.Ак-Суу айыл аймагынын айылдарында Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн чогулуштарды өткөрүү төмөнкүдөй жайда жана графикте өткөрүлсүн:

 

      Жеңиш айылы. 2025-жыл 14-октябрь саат 11-00 дө.  (Жеңиш чайканасында)

     Алга айылы. 2025-жыл 14-октябрь саат 14-00 дө.      (Алга чайканасында)

     Жезкен айылы. 2025-жыл 14-октябрь  Саат 16-00 дө. (Жезкен ФАП аянтында)

     Суу-Башы айылы. 2025-жыл 15-октябрь Саат 10-00 дө. (”Курулуш” о.м.алдында)

     Ак-Суу айылы. 2025-жыл 15-октябрь Саат 14-00 дө.  (Ак-Суу маданият үйү)

     

 

4.Графикке ылайык,белгиленген чогулуш өтүүчү жайларда IV Кезектеги Элдик Курултайды өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,делегаттарды шайлоону уюштуруу жумушчу топко жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн. 

 

5.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн администрациясына жана  көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы А.Саматовго тапшырылсын. 

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Саматов