Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 13-октябры № 49

“ Акча каражатын беренеден алып салуу менен  кемитүүгө макулдук берүү жөнүндө”.

 

    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 08-январндагы ПЖ №1 Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 12-августундагы №15-1/21174 чыгыш сандуу каты,Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 30-сентябрындагы №2/1130 чыгыш сандуу катынын негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевдин билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  VIII чакырылышынын кезектеги  VIII сессиясы

                                             Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.

 

2.Айыл өкмөтүнүн  кирешесине пландалган жергиликтүү бюджетине түшүүчү  транспорт салыгынан 11312200 - 415,8 (төрт жүз он беш миң сегиз жүз ) сом,

айыл чарба багытындагы жер салыгынан 11321200 - 279,6 (эки жүз жетимиш тогуз миң алты жүз) сом,жалпы: 695,4(алты жүз токсон беш миң төрт жүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетине түшпөгөндүктөн,киреше планынан алынып салынып, башкаруу аппаратынын 3111 беренесинен кемитилгенге макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага

А. Саматов