Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 13-октябры № 50

“ Ак-Суу айыл өкмөтүнүн шайлоо участкаларына керектөөлөрдү алуу үчүн акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”.

 

    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрндагы ПЖ №272  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алып Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү №8200”Эгемендүүлүк”,№8025 Ак-Суу,№8026 Жеңиш жана №8183 Алга Шайлоо участкаларына керектүү жабдыктарды сатып алуу боюнча УШК төрагаларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

VIII чакырылышынын кезектеги  VIII сессиясы

                                             Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

1.Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү №8200”Эгемендүүлүк”,№8025 Ак-Суу, №8026 Жеңиш жана №8183 Алга шайлоо участкаларына керектүү жабдыктарды сатып алуу боюнча УШК төрагаларынын билдирүүсү көңүлгө алынсын.

 

2. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү №8200”Эгемендүүлүк”,№8025 Ак-Суу, №8026 Жеңиш жана №8183 Алга шайлоо участкаларына керектүүлөрдү сатып алуу жана шайлоону уюшкандыкта өткөрүү үчүн  Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин

2215-беренесинен 50,0(элүү миң) сом,шайлоо участкаларын камсыздап, мөөнөтүнөн мурда ЖК депутаттарын шайлоо өнөктүгүн уюшкандыкта өткөрүү  үчүн бөлүнүп берилсин.

 

3. 2111-беренесинен 77,2 (жетимиш жети миң эки жүз) сом, 2121-беренесинен 50,0 (элүү миң) сомду, 3112-беренесине,жалпы 127,2 (бир жүз жыйырма жети миң эки жүз) миң сомду жылдыруу менен төрт УШКга генераторлорду алуу үчүн  акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

 

4.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге, көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

 

 

Төрага

А. Саматов