Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 13-октябры № 51

 “ Ак-Суу айылындагы Темир бетон (ЖБ) цехке кошумча смета түзүү үчүн  акча каражатын бөлүүгө  макулдук берүү жөнүндө”.

 

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу айылындагы Темир бетон (ЖБ) чыгаруучу цехке кошумча жумуштар аткарылгандыктан, Сатып алуулар мыйзамынын 17-беренесинин

3-пунктунун 2-пунктчасына ылайык кошумча сметаны түзүү үчүн 10% дан ашпаган өлчөмдө  акча каражатын бөлүү  максатында Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн  угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  VIII сессиясы

                                             Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

 

 

2.Темир бетон чыгаруучу (ЖБ) цехке кошумча сметаны түзүү  үчүн Сатып алуулар мыйзамынын 17-беренесинин 3-пунктунун 2- пунктчасына ылайык Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин 2111- беренесинен 373,3 (үч  жүз жетимиш үч  миң үч жүз)  сомду 3112- беренесине жылдыруу менен акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге, көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

А. Саматов