Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 13-октябры № 54

  “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн эски кызматтык авто унаасын муниципалдык ишканага өткөрүп  берүүгө макулдук берүү жөнүндө”.

 

 

    Ак-Суу айыл өкмөтү жаңы кызматтык авто унаа алгандыгына байланыштуу,айыл өкмөтүнүн балансында турган  эски кызматтык авто унааны натыйжалуу пайдалануу жана муниципалдык ишкананы колдоо, ага шарт түзүү максатында “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканага өткөрүп берүү үчүн  “КР Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

                                                       Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган 2018-жылы чыгарылган 03 КG 352 АС

мамлекеттик номердеги,Нива үлгүсүндөгү кызматтык унаа “Ак-Суу элге кызмат” муниципалдык ишканага “КР Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын

16-беренесине ылайык өткөрүп берүүгө  макулдук берилсин.

 

2.Эски кызматтык унааны өткөрүп берүү,кабыл алуу актысы белиленген тартипте түзүлсүн жана тиешелүү документтери өткөрүлүп берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Суу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

А. Саматов