Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 13-октябры № 56

  “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Суу айылындагы “Кыялкеч”  балдар бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк  салым катары акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук   берүү жөнүндө”.

 

 

    Ак-Суу айыл өкмотүно караштуу Ак-Суу айылындагы “Кыялкеч” балдар бакчасын капиталдык оңдооодон өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

                                                       Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Худаяровдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.

 

2.Ак-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Суу айылындагы “Кыялкеч” балдар бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өздүк салым катары 1 041 478 (бир миллион кырк бир миң төрт жүз жетимиш сегиз миң ) сом акча каражатын 2026-жылдын  бюджетинен бөлүүгө  макулдук берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге тапшырылсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

А. Саматов