Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 13-октябры № 57

“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесин жана айлана тосмосун капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн  акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө”.

    

                                            

    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн кеңсесин жана айлана тосмосун капиталдык оңдоодон өткөрүү  үчүн 2026-жылдын Түрткү берүүчү грант эсебине сунуштоо жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 1 559 328 (бир миллион беш жүз элүү тогуз миң үч жүз жыйырма сегиз) сом акча каражатын бөлүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

                                                       Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Назырбаевдин  билдирүүсү көңүлгө алынсын.

 

2. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 2026-жылга  бюджет эсебинен 1 559 328 (бир миллион беш жүз элүү тогуз миң үч жүз жыйырма сегиз) сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин.

   Суралсын;калган керектүү акча каражаты Мамлекеттик Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттар эсебинен.

 

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоо,өздүк салым катары акча каражатын которуу

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Курбаналиевге жүктөлсүн.

   

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл аймагынын экономика,бюджет,

соода жана ишкердүүлүк боюнча депутаттардын туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

А. Саматов