Редакцияот 16.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы

2025-жылы 16-декабры № 58

 Төрт Гүл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушованын маалыматын угуп жана талкуулап, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун №1 протоколунун негизинде Төрт-Гүл айыл  аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:

 

  1. Төрт Гүл айыл өкмөтүнүн кирешелер планына (14151200) жер казынасын пайдалануу укугуна  лицензияларды кармоо үчүн жыйымдар беренесине 1500000 сом толуктоо киргизилгендиги белгиленсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Баткен башкармалыгынан чыгаша бөлүгүнүн  такталган планына аппарат бөлүмүнүн 3112 (машиналар жана жабдуулар) беренесине 1500000 сомду кошуп берүү жагы суралсын.
  3. Аппарат бөлүмүнүн чыгаша бөлүгүнүн 3111 (имараттар жана курулмалар) беренесинен 1300 000 сом, 2221 (мүлктү учурдагы ондоого кеткен чыгымдар) беренесинен 388208 сом, бардыгы 1688208 сом акча каражатын, 3112 (машиналар жана жабдуулар) беренесине 1034648 сомду, 3314 (ички карыз алуулар) беренесине- 333560 сомду, 2215 (башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу) беренесине 320000 сомду, бардыгы  1688208 сом жылдырылып берилсин.                            
  4. “Төрт-Гүл” муниципиалдык ишканасынын таза суу насостук станциянын насосу күйүп  калгандыгына байланыштуу тез аранын ичинде элди суу менен камсыз кылуу максатында ондоп түзөө жумуштарына (чыгымдар 80000 сом) колдоо көрсөтүлсүн.
  5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
  6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  7. Ушул  токтом Кыргыз Республикасынын  Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына 

тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага:

 

Н.Артыков