Редакцияот 16.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги ХI-сессиясы

2025-жылы 16-декабры № 59

 “Жаңы-Жер” жалпы билим берүү жана “Жаңы-Жер” башталгыч билим берүү мектептерин бириктирүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  Мыйзамыныни негизинде, Жаңы-Жер айылында 500 орундуу жаңы мектептин имаратын пайдаланууга берилүү алдында тургандыгына  байланыштуу, “Жаңы-Жер” жалпы билим берүү жана “Жаңы-Жер” башталгыч билим берүү мектептерин бириктирүү жөнүндөгү Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн 2025-жылдын 12-декабрындагы 01-06/822 сандуу катынын негизинде жана  Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттин аткаруучу Д.Анапияевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:

  1. “Жаңы-Жер” жалпы билим берүү мектебине, “Жаңы-Жер” башталгыч билим берүү мектебин бириктирүүгө макулдук берилсин.
  2. Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  3. Бул токтом катттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
  4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул  токтом Кыргыз Республикасынын  Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына 

тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:

 

Н.Артыков