Редакцияот 22.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Бешик айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2025-жылы 22-декабры № 68

     Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Таян орто мектебине ысым ыйгаруу  жөнүндө.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтомун  жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Мүлккө  муниципалдык менчик жөнүндө    мыйзамынын 19-беренесине  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын  39 беренесине Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №01-25/2149 сандуу чыгыш катын аткарууга алып, Таян орто мектебинин педогогикалык кеңешмесинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы протоколун, Таян айылынын жергиликтүү тургундарынын 2025-жылдын 21-декабрындагы элдик чогулушунун протоколунун негизинде  Алтын-Бешик  айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу   комиссиясынын  кортундусуна ылайык  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы токтом кылат:                                  

 

1     Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн  отличниги, Физика жана математика илимдеринин  кандидаты, райондук жана областык кеңешинин мурдагы депутаты, Баткен районунун Алтын-Бешик  айыл аймагына караштуу Таян орто мектебиние маркум Амиракул Алтымышовдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

2     Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовго милдетендирилсин.

3     Айылдык кеңештин жооптуу катчысы  бул токтомду каттоого алсын жана токтомду  ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4     Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн  тартып күчүнө кирет.

5     Токтом  Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн  расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

Төрайым:

 А. Матраимова