Редакцияот 22.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Алтын-Бешик айылдык  Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2025-жылы 22-декабры № 70

    Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу Газ орто мектебине ысым ыйгаруу  жөнүндө.

  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтому, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2023-жылдын 22-мартындагы №159 токтомун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25- мартындагы №149 токтомуну  жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Мүлккө  муниципалдык менчик жөнүндө    мыйзамынын 19-беренесине  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын  39-беренесине Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №01-25/2149 сандуу чыгыш катын аткарууга алып, Газ  орто мектебинин  педогогикалык кеңешмесинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы протоколун, Газ айылынын жергиликтүү тургундарынын 2025-жылдын 19-декабрындагы элдик чогулушунун протоколунун негизинде,  Алтын-Бешик  айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу   комиссиясынын  кортундусуна ылайык  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы токтом кылат:                                  

1     Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги, билим  берүүнүн  өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон маркум, Ысманов Аширали Ысмановичтин  ысымын Газ орто мектебине ыйгарууга макулдук берилсин.

2     Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовго милдеттендирилсин.

3     Айылдык кеңештин жооптуу катчысы  бул токтомду каттоого алсын, жана токтомду  ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4     Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн  тартып күчүнө кирет.

5     Токтом  Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн  расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

     

 

Төрайым:

 А. Матраимова