Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-сентябрындагы № 79
Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын ишмердүүлүгү жөнүндө
Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун тиешелүү туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34, 39-беренесинин, Дөң-Булак айылдык кеңешинин Регламентине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Дөң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин ишмердүүлүгү менен таанышуу жана тажырыйба алмашуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Р.Султановго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөң-Булак айылдык кеңешинин төрагасы Ө.И.Жусуповго жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Жусупов |