ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз ХIХ-сессиясы
2023-жылдын 27-сентябрындагы № 80
Беренеден беренеге жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгөнүн өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, Дөң-Булак айылдык кеңешинин финансы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралып, токтом кылат:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Айылдык кеңеш бөлүмүнөн:
2023-жылдын бюджетинин кеңеш бөлүмүнүн 2215 беренесинен 180,0 миң сомду, 2211 беренесине 180,0 миң сом акча каражаты жылдырылсын.
Жалпысынан 180,0 миң сом акча каражаты сапар чыгымына кошумча иш чараларды аткаруу үчүн 2023-жылдын 4-кварталындагы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө:
Жалпысынан 180,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика меселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |