Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-октябры № 673
Кыргыз Республикасында баалоочулар жана баалоочу уюмдар тарабынан колдонууга милдеттүү болгон мүлктү баалоо стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында баалоо ишин андан ары өнүктүрүү максатында, "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) баалоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандарты 1-тиркемеге ылайык;
2) бизнести баалоо стандарты 2-тиркемеге ылайык;
3) кыймылсыз мүлктү баалоо стандарты 3-тиркемеге ылайык;
4) баалоо жөнүндө отчеттун мазмунуна жана аны тариздөөгө талаптардын стандарты 4-тиркемеге ылайык;
5) материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоо стандарты 5-тиркемеге ылайык;
6) кыймылдуу мүлктү баалоо стандарты 6-тиркемеге ылайык;
7) жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоо стандарты 7-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү баалоо стандарттары Кыргыз Республикасында баалоочулар жана баалоочу уюмдар тарабынан колдонууга милдеттүү деп белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |