ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги ХХ-сессиясы
2023-жылдын 10-ноябрындагы № 85
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Өзгөрүш айылынын тургуну Баймурзаева Дильфузахан Төрөбековнанын жазган арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу” (тарнсформациялоо) жөнүндө мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Өзгөрүш айылынын тургуну Баймурзаева Дильфузахан Төрөбековнанын турак жай ээлеген жер аянтынын пайдалануу багытын өзгөртүп коммерциялык дүкөн куруу максатында жазган арызын угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Өзгөрүш айылындагы Баймурзаева Дильфузахан Төрөбековнанын турак жай ээлеген 1200 чарчы метр жер аянтынын мамлекеттик актысынын сериясы Ч № 212801 идентификациялык коду 5-06-03-1008-0202 сандуу жер тилкесинин ичинен 273 чарчы метр аянтын пайдалануу багытын калкты тейлөө үчүн коммерциялык дүкөн курууга макулдук берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жердин иш кагаздарын толуктоо жагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ө. Жусупов |