Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 5
“Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 102- беренесине ылайык Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн аткарылышына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
Токтом кылат
1. Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 2024-жылдын 11 айына карата төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
• Бала бакча бөлүмүнүн 3112 беренесинен - 300 000 сом
• Орто мектеп бөлүмүнүн 3112 беренесине + 300 000 сом
2. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “финансы жана экономика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |