Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 6
Ак-Жар айылындагы эски мончонун орду болгон 0,07 га жер аянтын аукцион аркылуу мончо куруучуларга сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Шоро айылдык кеңеши, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сатыбалдыевтин Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги, Ак-Жар айылында жайгашкан (эски мончонун орду) 0,07 га жер аянтын аукцион аркылуу мончо куруучуларга келишимдин негизинде сатуу сунушун угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Шоро айылдык кеңеши, Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги, Ак-Жар айылында жайгашкан (эски мончонун орду) 0,07 га жер аянтын аукцион аркылуу жалпы элди тейлөөчү мончо куруучуларга келишимдин негизинде сатууга макулдук берилсин.
2. Сатуудан түшкөн акча каражаты жергиликтүү бюджетке төгүлсүн.
3. Аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Бюджеттик жана экономикалык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |