Загрузка документа…
КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Шоро айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 8
“Ак-Жар айылындагы М.Кулуев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын чатырын жана эшик, айнектерин алмаштырууга өздүк салымды кароо жөнүндө”
Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Р.Сатыбалдыевдин сунушун талкуулап Кара-Шоро айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
Токтом кылат
1. Ак-Жар айылындагы М.Кулуев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын чатырын жана эшик, айнектерин алмаштырууга стим грант проектисине өздүк салым жумшоого макулдук берилсин.
2. Ак-Жар айылындагы М.Кулуев атындагы орто мектебинин кошумча имаратынын чатырын жана эшик, айнектерин алмаштырууга 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салымга 620,0 (алты жүз жыйырма миң) сом бекитилсин.
3. Өздүк салымга бекитилген акча каражаты Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесине 620,0 (алты жүз жыйырма миң) сом жумшалсын.
4. Токтомдун аткарылышын Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы З.Токтосун кызына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономикалык маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| З.Кадырбеков |