Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ
Достук айыл өкмөтү, Кыргыз Республикасы. №1 15-январь 2025-жылы
Араван районунун Достук айыл
өкмөтүнүн 2025-жылга айылдык
бюджетинин киреше жана чыгаша
бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2025-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, Достук айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, атайын комиссияда талкууланып, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан аткарылган 2025-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап;
Достук айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1.Достук айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бюджетинин жалпы көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча 182922,9 миң сом менен бекитилсин. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин киреше булактары жана чыгашаны каржылоого каражаттар №1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2.Достук айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 200408,3 миң сом, 2027-жылга карата 222576,6 миң сомго божомол катары бекитилсин.
3.Чыгымдарды каржылоо боюнча биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, тамактануу жана жеңилдиктер) ошондой эле коммуналдык чыгымдарга каржылансын. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана нормативдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн. Чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоо үчүн жоопкерчилик Достук айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
4.Достук айыл өкмөтүнүн Сасык-Үнкүр, Жаңы-Араван, Ачы, Маданият, Пахта-Абад, Мангыт, Жаңы-Арык, Төлөйкөн, Кесек, Пахта-Дөбө айылдарына 10 (он) айыл башчысы кармалсын.
5.Айыл өкмөтүнүн киреше булагына чегерүүлөр: - жумушчу жана кызматчылардын айлык маяналарынан алынуучу киреше салыгынын 90 пайызы; - жер асты кен байлыктарынан алынуучу салыктын 5 пайыз өлчөмүндө чегерилсин, ал эми транспорт салыгы, жер салыгы, ыктыярдуу жана мажбурлоо патентинен алынуучу салык, кыймылсыз мүлк салыгы, КБФ жерлеринин ижара акысы 100% өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерилсин.
6.Достук айыл өкмөтүнө караштуу болгон жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн №14152200 “Жайыт жерлеринин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөр” беренесине чегерилсин.
7.Жайыт жерлеринин пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдүн 3/2 бөлүгү жайыт комитеттеринин чыгашаларына, калган бир бөлүгү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелерин чечүү үчүн жумшалсын.
8.Достук айыл өкмөтүнүн бюджетинин өзгөчө чыгымдар беренелерин жумшоо жагы №2-тиркемеге ылайык белгиленсин.
9.Достук айыл өкмөтүнүн администрациясы төмөнкүлөргө укуктуу:
• Эгерде бул айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүү киргизүүгө:
• Кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга:
• Киргизилген өзгөртүүлөр Достук айылдык кеңеши тарабынан каралат жана кабыл алынат.
10.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Умаровго жүктөлсүн.
Чечимге №1-2 тиркемелер тиркелет.:
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|