Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 807 токтому менен бекитилди) |
2026-2030-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык
кызматтарды көрсөтүүдө административдик тоскоолдуктарды
азайтуу, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана
керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн
жогорулатуу боюнча
программа
1-глава. Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө учурдагы кырдаалды талдоо
2-глава. Программанын максаты
3-глава. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
1-бөлүм. Керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу
2-бөлүм. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарынын ишин өркүндөтүү, керектөөчүлөрдөн документтерди талап кылуу системасын жөнөкөйлөтүү
3-бөлүм. Кызматтарды көрсөтүү үчүн акы алуунун натыйжалуу системасын түзүү
4-бөлүм. Кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кеңейтүү, кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү
5-бөлүм. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө натыйжалуу башкаруу системасын жана керектөөчүлөр менен туруктуу кайтарым байланышты түзүү
4-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
5-глава. Программаны башкаруу
6-глава. Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
7-глава. Программаны ишке ашырууну ресурстук камсыздоо
Киришүү
2026–2030-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу, алардын натыйжалуулугун, сапатын жана керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча программа (мындан ары – Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 “2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыкты.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү (мындан ары – кызмат көрсөтүүлөр) алууда керектөөчүлөр ар кандай чектөөлөргө – административдик тоскоолдуктарга туш болушат, аларды жеңүү эмоционалдык жана психологиялык ыңгайсыздыктар, материалдык жана убактылуу чыгымдарды тартуу зарылдыгы менен байланыштуу.
Маанилүүлүгү боюнча калк үчүн кыйла сезимтал кыйынчылыктар болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жеке убакыттын сарпталышы;
2) финансылык чыгымдарды тартуу зарылчылыгы;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон маалыматты издөөдөгү кыйынчылыктар;
4) бийлик органдарынын кызматкерлеринин керектөөчүлөр менен коммуникация маданиятынын төмөн деңгээли;
5) кызматтарды көрсөтүү ордунун ыңгайсыздыгы, ага жетүүнүн жана анда болуунун ыңгайсыздыгы.
Колдонуудагы эрежелер жана жол-жоболор, ошондой эле мамлекеттик органдардын (мындан ары – мамлекеттик органдар), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары – ЖӨБО) жана алардын кызматкерлеринин аракеттери же аракетсиздиги административдик тоскоолдуктардын булагы болуп саналат.
Программаны ишке ашыруунун алкагында – административдик тоскоолдук мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан кабыл алынган ашыкча эрежелерди жана жол-жоболорду билдирет, аларды сактоо кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун милдеттүү шарты болуп саналат, бул аларды алуучулар үчүн убакытты, төлөмдөрдү жана башка чыгымдарды кошумча жоготуулар түрүндө ар кандай кыйынчылыктарга алып келет.
Административдик тоскоолдуктарды азайтуу тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун, сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Программага ылайык административдик тоскоолдуктарды азайтуу кызмат көрсөтүүлөрдүн инфраструктурасын өркүндөтүү, заманбап санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн аутсорсингинин таасирдүү механизмин түзүү, кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматчылардын потенциалын жогорулатуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатына системалык баа берүүнү жана мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу, бир катар башка чараларды ишке ашыруу аркылуу жетишилиши мүмкүн.
Бул чараларды ишке ашыруу мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан кызмат көрсөтүүлөр боюнча функцияларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Программа 2030-жылга чейин эсептелген, аны ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
– кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн мамлекеттик органдарга жана ЖӨБОго кайрылууда керектөөчүлөрдүн чыгымдарын азайтуу;
– кызмат көртүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө керектөөчүлөрдүн канааттануу деңгээлин жогорулатуу;
– кызмат көрсөтүүлөр системасынын инфраструктурасын жакшыртуу.
1-глава. Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө
учурдагы кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасында кызматтарды көрсөтүү системасынын укуктук негизи болуп “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары – Мыйзам), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин) бир катар токтомдору жана тескемелери саналат.
Кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу чөйрөсүндө саясатты жүргүзүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) аныкталган, республикада кызмат көрсөтүүлөр системасын башкаруунун уюштуруу түзүмү түзүлгөн жана иштеп жатат.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жоболору жана сапат параметрлери үчүн контролдоонун бир катар механизмдери киргизилген. Мындай механизмдерге кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлери, стандарттары жана административдик регламенттери кирет.
Азыркы учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине он категория боюнча 448 кызмат көрсөтүү киргизилген, анын ичинен 292 – акы төлөнүүчү, 156 – акысыз негизде көрсөтүлөт.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри 11 кызмат көрсөтүүнү камтыйт.
Акыркы 5 жылда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын саны 8 %га көбөйдү (2021-жылдын январына карата 412 кызмат көрсөтүү). Мында акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү 63,1 %дан 64,9 %га (1,8 %га) чейин өстү.
Өткөн 5 жылда кызмат көрсөтүүлөр системасын өркүндөтүү максатында Мыйзамга төмөнкүлөрдү караган өзгөртүүлөр киргизилди:
1) өзгөчө жеңилдетилген режими бар аймактарда акысыз жана жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү;
2) кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселелерин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен тиешелүү кызмат көрсөтүүлөр үчүн жооптуу мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун карамагына өткөрүп берүү;
3) өзгөчө статуска ээ болгон окуу жайларын Мыйзамдын колдонуу аракетинен чыгаруу;
4) кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссияны жоюу.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу зарылдыгын жокко чыгарууну караган, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүүнүн форматын жана жолжоболорун кыйла жөнөкөйлөштүргөн, кызматтарды акы төлөө негизинде көрсөтүү критерийлерин жана аларды жеке юридикалык жана жеке жактарга аткарууга берүү жол-жоболорун тактаган, акы төлөөнүн өлчөмү өздүк наркынан жогору болгон айрым кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароо стадиясында турат.
Акыркы жылдары кызмат көрсөтүүлөр системасына заманбап санариптик технологиялар активдүү киргизилүүдө.
Мында мыйзам бүгүнкү күндө кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кеңейтүү үчүн бир катар тыюу салууларды жана чектөө чараларын камтыйт (мисалы мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө, лицензияларды жана уруксаттарды берүү функцияларын, бир катар башка функцияларды ишке ашырууда), кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүдөн суроо-талаптын зарылдыгына гана негизделет, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун демилгеси боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү (проактивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү) киргизүү мүмкүнчүлүгүн карабайт.
Калкка кызмат көрсөтүүлөрдө экономиканын коммерциялык жана коммерциялык эмес (мамлекеттик эмес) секторлорунун потенциалын пайдалануу үчүн таасирдүү механизмдерди киргизүү актуалдуу болуп саналат, анткени колдонуудагы механизмдер талаптагыдай иштебейт.
Калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн практикалык аспекттерине талдоо жүргүзүү кызмат көрсөтүүлөрдү коммерциялоонун күчөгөндүгүн көрсөтөт. Кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан жарандар жана бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылчылыгы катары эмес, бюджеттерди толтуруу булагы катары каралат.
Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү үчүн ведомстволук мекемелерди түзөт, реестрлерге колдонуудагы акысыз кызмат көрсөтүүлөргө параллелдүү түрдө акы төлөнүүчү кызматтар киргизилет. Мында акысыз кызмат көрсөтүүлөр жогорку убактылуу тоскоолдугунан улам атаандаштыкка жөндөмсүз болуп калат.
Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр болгон учурда керектөөчүлөр үчүн тоскоолдуктар болуп төлөмдүн жана анын өлчөмүнүн негизсиздиги, төлөмдөрдү жүргүзүүдөгү ыңгайсыздыктар саналат.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн кайрылган керектөөчүлөрдү идентификациялоо маселеси керектөөчүлөр үчүн олуттуу тоскоолдук бойдон калууда. Практикада көпчүлүк кызмат кызмат көрсөтүүлөрдү алуу өтүнмө ээсинин жеке катышуусу, документтердин түп нускаларынын болушу, документтердин көчүрмөлөрүн берүү жана башка бир катар талаптар коюлат.
Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун маалымат базаларын санариптештирүүнүн аягына чыга электиги ведомстволордун ичиндеги жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн электрондук түргө өтүшүнө тоскоол болууда. Тиешелүүлүгүнө жараша маалыматтык системалардын бирдиктүү платформага интеграцияланышынын төмөнкү деңгээли керектөөчүлөрдү бир кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ар кандай ведомстволор боюнча документтерди өз алдынча чогултууга милдеттендирет.
Республиканын райондорунда жана шаарларында калкты тейлөөчү 35 борбор (мындан ары – КТБ) жана 52 өкүлчүлүк түзүлгөн жана иштеп жатат. Бул керектөөчүлөрдүн мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы жана прогрессивдүү механизми. Бирок КТБлардагы кызмат көрсөтүүлөрдүн спектри колдонуудагы кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине караганда бир кыйла аз. КТБлар азырынча ар кандай министрликтердин, административдик ведомстволордун жана ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөрү интеграцияланган көп профилдүү кызмат көрсөтүү борборлоруна айлана элек.
Мындан тышкары кызматтарды көрсөтүүнүн “бирдиктүү терезелерин” түзгөн мамлекеттик мекемелердин мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары ар башка. Ушундан улам керектөөчүлөрдү тейлөөдөгү ыңгайлуулукта жана шарттарда айырмачылыктар жана кемчиликтер бар. Айрыкча бул маселелер региондордо курч турат.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу тартиби жөнүндө калкка маалымдоо системасы жалпысынан натыйжасыз. Ар кандай кызмат көрсөтүүчүлөрдүн интерфейстери ар башка жана дайыма эле ыңгайлуу эмес. Кызмат көрсөтүү стандартынын мөөнөттөрү, төлөө шарттары, жоопкерчилик сыяктуу маанилүү параметрлери жөнүндө маалымат көпчүлүк учурда керектөөчүгө жеткиликтүү эмес. Кызматтарды көрсөтүүчү кызматкерлердин квалификациясынын төмөн деңгээли, өзгөчө керектөөчүлөр менен коммуникация маселелеринде кырдаалды курчутууда.
Азыркы учурда электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү процесси, электрондук кызмат көрсөтүүлөр үчүн негизги платформа катары электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын иши Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин алкагында ишке ашырылууда.
Калктын бир бөлүгүнүн санариптик көндүмдөрдү билүү деңгээлинин жетишсиздиги аталган санариптик платформаны кеңири колдонууга тоскоол болууда.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн контролдоо жана мониторинг жүргүзүү системасы түзүлгөн эмес, ошондуктан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, натыйжалуулугу жана жеткиликтүүлүгү жөнүндө документтештирилген объективдүү маалыматтар жок. Демек тигил же бул кызматтарды көрсөтүүдө кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү аныктоонун, аларды четтетүү боюнча чараларды иштеп чыгуунун бирдиктүү системасы да жок.
Маанилүү аспект болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында керектөөчүлөр үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн аныктамасы жана сапат, натыйжалуулук жана жеткиликтүүлүк критерийлери аныкталбагандыгы саналат.
2-глава. Программанын максаты
Бул Программанын максаты – керектөөчүлөрдүн талап кылынган жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүнө тоскоол болгон административдик тоскоолдуктарды азайтуу.
Программа жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуунун туруктуу механизмдерин түзүүнү карайт.
Программанын максаттарына жетүү жана милдеттерин чечүү Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында каралган өз ара байланышкан иш-чаралардын комплексин координацияланган аткаруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
3-глава. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
Коюлган максаттарга жетүү үчүн өнүктүрүүнүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттары аныкталган:
1) кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө керектөөчүлөрдүн маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу;
2) кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарынын ишин өркүндөтүү, керектөөчүлөрдөн документтерди талап кылуу системасын жөнөкөйлөтүү;
3) кызматтарды көрсөтүү үчүн акы алуунун натыйжалуу системасын түзүү;
4) кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кеңейтүү, кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү;
5) кызмат көрсөтүүлөр жана керектөөчүлөр менен туруктуу кайтарым байланыш чөйрөсүндө натыйжалуу башкаруу системасын түзүү.
1-бөлүм. Керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө
маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу
1.1. Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө керектөөчүлөргө
маалымдоо боюнча кырдаалды талдоо
Мыйзамга ылайык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо тартибине негизги талаптар белгиленген.
Зарыл болгон маалыматтын параметрлери жана аны жайылтуу ыкмалары кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарында камтылат, айрым маалыматтар электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында, ар түрдүү автоматташтырылган системаларда жана мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун веб-сайттарында жайгаштырылат.
Бирок бүгүнкү күндө керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдуулук деңгээли төмөн бойдон калууда. Керектөөчү үчүн маанилүү маалыматтар кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарында дайыма эле боло бербейт. Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын расмий веб-сайттарында маалымат дайыма эле актуалдуу, түшүнүктүү эмес жана дайыма эле зарыл болгон маалыматтардын жетиштүү көлөмүн камтыбайт.
Жайгаштырылуучу маалыматтын, анын ичинде санариптик форматтагы маалыматтын форматына жана мазмунуна карата бирдиктүү ыкма жок. Маалыматты жайылтуу ыкмалары жана форматы керектөөчүлөр үчүн дайыма эле ыңгайлуу боло бербейт.
Көбүнчө керектөөчүлөрдө электрондук форматтагы кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берген зарыл болгон көндүмдөр жана билим жок. Буга байланыштуу алар кагаз түрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун стационардык пункттарына түздөн-түз кайрылууну улантууда. Бул кызматтарды көрсөтүүнүн убактылуу параметрлерине терс таасирин тийгизет, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарында узун кезекти жаратат.
1.2. Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө керектөөчүлөрдүн
маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу боюнча милдеттер
1-милдет. Керектөөчүлөрдү кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актуалдуу, түшүнүктүү жана жетиштүү маалымат менен камсыз кылуу
Программада кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтын мазмунуна, көлөмүнө жана жайылтуу ыкмаларына карата бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуу жана бекитүү каралган.
Тиешелүү регламенттөөчү документте кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн бардык категориялары, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн маалымат алуу үчүн зарыл болгон жана ыңгайлуу шарттарды түзүү каралат.
Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматка карата белгиленген бирдиктүү талаптар кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун бардык пункттарында, анын ичинде бул талаптардын сакталышына дайыма мониторинг жүргүзүү менен мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун веб-сайттарына маалыматты жайгаштырууда колдонулат.
Ошондой эле электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында, “Түндүк” мобилдик тиркемесинде, кызматтарды көрсөтүү боюнча башка автоматташтырылган системаларда жайгаштырылган маалыматты кайра кароо зарылдыгы талданат жана каралат.
Жасалма интеллектти жана башка инструменттерди колдонуу менен интернет-каналдар, чаттар, боттор, колл-борборлор аркылуу консультацияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн документтердин шаблондорун, наркы жөнүндө маалыматты, кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыгын берүү жерлерин, башка зарыл болгон маалыматты берүү менен 24/7 электрондук маалымдоо системасын ишке киргизүү боюнча чараларды ишке ашыруу каралууда.
2-милдет. Калктын санариптик сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн заманбап сервистерди колдонуу көндүмдөрүн калыптандыруу
Программа кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар тарабынан калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурууну, анын ичинде: окутуучу материалдарды (брошюраларды, видеороликтерди жана башка материалдарды) даярдоону, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун өкүлдөрүнүн ЖМКда чыгып сүйлөөсүн уюштурууну, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарында, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын расмий сайттарында тиешелүү маалыматты жайгаштырууну карайт.
1.3. Күтүлгөн натыйжалар
Коюлган милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжаларга жетүү күтүлүүдө:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун, анын ичинде электрондук форматта алуунун бардык пункттарында кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн түшүнүктүү, актуалдуу жана жетиштүү маалымат жайгаштырылды;
2) кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө электрондук форматтагы маалыматты алуу кеңейтилди, 24/7 электрондук маалымдоо системасы ишке киргизилди;
3) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө жарандардын канааттануу деңгээли жогорулады.
2-бөлүм. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарынын ишин
өркүндөтүү, керектөөчүлөрдөн документтерди талап кылуу
системасын жөнөкөйлөтүү
2.1. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарынын ишин уюштуруу боюнча кырдаалды талдоо
Азыркы учурда кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучуга жеке кайрылуу, КТБга кайрылуу, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында электрондук форматта, “Түндүк” мобилдик тиркемеси, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун башка автоматташтырылган системалары аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү алууга болот.
Электрондук форматта ар кандай этаптарда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү 178ден ашык кызматты жана сервисти алууга болот.
Электрондук форматта жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн санынын көбөйгөндүгүнө карабастан, олуттуу сандагы кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн кагаз жүзүндө ар түрдүү документтерди, анын ичинде башка мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун карамагындагы документтерди берүү талап кылынууда.
Түзүлгөн кырдаал көпчүлүк учурда мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун тиешелүү маалыматтар базасын санариптештирүүнүн толук көлөмдө аяктабагандыгы менен шартталган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 260-т “Түндүк” мобилдик тиркемеси жана “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жеткиликтүү маалыматтарды (маалымкаттарды) кагаз жүзүндө берүүгө жана талап кылууга тыюу салуу жөнүндө тескеме кабыл алынган.
Бул ишти улантуу, жарандарга жана бизнеске санариптик форматта жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү актуалдуу болуп саналат.
КТБдагы кызмат көрсөтүүлөрдүн спектри дээрлик кеңейбегендигин белгилей кетүү зарыл. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун бардык пункттарында кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар, интернеттин талаптагыдай иши, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн сервистин жана документтерди тариздөө үчүн уюштуруу техникасынын болушу камсыз кылынган эмес.
Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун кызматтарды көрсөтүү боюнча ички жол-жоболору туруктуу талдоону жана өркүндөтүүнү талап кылат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, кызматтарды көрсөтүүгө тартылган башка кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу, аларды шыктандыруу, керектөөчүлөр менен баарлашууда жалпы кабыл алынган этика ченемдерин сактоо маселеси маанилүү болуп саналат.
2.2. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарынын ишин
өркүндөтүү, керектөөчүлөрдөн документтерди талап кылуу
системасын жөнөкөйлөтүү боюнча милдеттер
1-милдет..Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарында керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу
Программа кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун иштеп жаткан бардык стационардык пункттарын талаптагыдай жабдууну камсыз кылууну, алардын ишин унификациялоону карайт.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарында фронт-офистин иши жөнүндө унификацияланган жобону иштеп чыгуу пландалууда, анда арыз берүүчү үчүн бардык шарттар (ыңгайлуулук, күтүү орду, маалымдоо, акы төлөө үчүн сервистер, интернет, документтерди тариздөө үчүн зарыл болгон уюштуруу техникасы, майыптыгы бар адамдар үчүн шарттар) менен зарыл болгон инфраструктураны түзүү каралган.
Ченемдердин жана жол-жоболордун талаптарын компетентсиз же болбосо абийирдүүлүк менен аткарбоону жеңүүгө багытталган, кызматтарды көрсөтүү үчүн жооптуу кызматкерлердин потенциалын, ошондой эле этика жана шыктандыруу деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар каралууда.
Каттоо, арыздарды кабыл алуу жана кызматтарды көрсөтүү жеринде иштеген операторлор жана кызматкерлер үчүн типтүү нускаманы (анын ичинде тышкы көрүнүшкө, дресс-кодго, тилдерди билүүгө карата талаптар) иштеп чыгуу жана кызматкерлерди уюштуруу жана даярдоо, кардарлар менен иштөө, шыктандыруу жана дем берүү системасы боюнча ички эрежелерди кабыл алуу алдыда турат.
2-милдет. Көп функциялуу борборлордун тармагын түзүү
Кызматтарды комплекстүү көрсөтүүнү уюштуруу максатында түзүлгөн келишимдердин негизинде макулдашуу боюнча ар түрдүү министрликтердин, административдик ведомстволордун жана ЖӨБОнун кызматтарын көрсөтүү менен КТБнын ишин ишти уюштуруунун көп профилдүү режимине өткөрүү боюнча чараларды ишке ашыруу каралууда.
Калктын кызмат көрсөтүүлөрдү алууга физикалык мүмкүнчүлүгүнүн тоскоолдуктарын азайтуунун натыйжалуу механизмин түзүү пландалууда, ал кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарын алардын турган жерине жана жашаган жерине карабастан кабыл алууга, реестрлерде камтылган кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык жыйындысына керектөөчүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн бир жерде камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Кардарлар менен иштөө тажрыйбасы бар жеке түзүмдөрдө (банк мекемелери, супермаркеттер жана башкалар) фронт-офистерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарын уюштуруу боюнча чаралар каралууда, бул заманбап маркетингдик ыкмаларды жана санариптик сервистерди колдонууга мүмкүндүк берет.
3-милдет. Кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик форматта алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, суралган документтердин тизмегин оптималдаштыруу
Кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматта алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү көп жагынан мамлекеттик органдар менен ЖӨБОнун ортосунда маалымат алмашуунун бирдиктүү интеграцияланган системаларын түзүүгө жараша болот.
Буга байланыштуу Программада “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу интеграциялоо максатында кызматтарды көрсөтүүдө колдонулган мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун маалыматтар базасын санариптештирүүнү этап-этабы менен аяктоо боюнча ишти улантуу каралат. Региондордо “Санарип Аймак” платформасынын толук иштөөсү үчүн маалыматтарды санариптештирүүнү аяктоо зарыл.
Бул чараларды ишке ашыруу кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдөн суралган документтердин жана маалыматтардын санын, анын ичинде кагаз түрүндө, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн убакыт сарптоолорун кыскартууга, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмегин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча суралган документтердин тизмегине ашыкча документтерди жана “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын, башка мамлекеттик жана муниципалдык автоматташтырылган системалардын алкагында алууга мүмкүн болгон документтерди алып салуу предметине талдоо жүргүзүү пландалууда.
Арыз ээсин физикалык идентификациялоодон (арыз ээси жеке катышса) банктык карта, санариптик ID, айдоочулук күбөлүк, пенсиялык күбөлүк, мыйзамдуу тартипте ким экендигин ырастаган башка документтер аркылуу идентификациялоо, санариптик сервистердин жана мобилдик телефондорду жана башка гаджеттерди колдонуунун негизинде ким экендигин идентификациялоо сыяктуу альтернативаларга өтүү (кардардын тандоосуна жараша) каралууда.
Жарандар үчүн социалдык мааниси бар мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөрү, ошондой эле проактивдүү мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр боюнча жарандарга электрондук даректүү маалымдоо системасын түзүү боюнча чаралар ишке ашырылат.
Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына, кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун регламенттеген башка ченемдик укуктук документтерге зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилет.
2.3. Күтүлгөн натыйжалар
Коюлган милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжаларга жетүү күтүлүүдө:
1) керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү;
2) электрондук форматта жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн саны көбөйдү;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн документтердин тизмектери оптималдаштырылды;
4) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө жарандардын канааттануу деңгээли жогорулады.
3-бөлүм. Кызматтарды көрсөтүү үчүн акы алуунун
натыйжалуу системасын түзүү
3.1. Кызматтарды көрсөтүү үчүн акы алуу системасын талдоо
Азыркы учурда Мыйзамда кызматтарды көрсөтүү үчүн акынын өлчөмү өздүк нарктан ашпоого тийиш деп каралган. Ошол эле учурда айрым кызматтар толук чарбалык эсеп принцибинде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан көрсөтүлөт. Мындай мекемелер үчүн бюджеттен каржылоо каралбагандыгын эске алып, эскирген материалдык-техникалык база мындай мекемелерди кызматтарды көрсөтүүчү бюджеттен каржыланган башка мекемелер, ошондой эле пайдасы бар жеке компаниялар менен бирдей эмес абалга келтирүүдө.
Түзүлгөн кырдаал көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына терс таасирин тийгизет.
Кызматтарды көрсөтүүнүн көп учурда рентабелдүү эмес экендигин эске алып, мамлекеттик эмес сектордун субъекттерин кызматтарды көрсөтүү процессине же бул процесстин айрым этаптарына тартуу боюнча кыйынчылыктар бар.
Мамлекеттик органдар үчүн бюджеттик ассигнованиелерди жана алардын кызматтарды көрсөтүүгө чыгымдык ыйгарым укуктарын болжолдоо үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө методикасы жок.
Ошону менен бирге кызмат көрсөтүүлөрдү коммерциялаштыруу процесси уланууда жана керектөөчүлөргө акысыз негизде көрсөтүлүүчү кызматтардын үлүшү кыскарууда.
Кызматтарды көрсөтүү үчүн акы алуу системасы кошумча талдоону жана өркүндөтүүнү, анын ичинде акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтүүгө чыгымдардын натыйжалуулугун талап кылат.
3.2. Кызматтарды көрсөтүү үчүн акы алуунун натыйжалуу
системасын түзүү боюнча милдет
Кызматтарды көрсөтүү үчүн акы алуунун натыйжалуу системасын түзүү боюнча негизги милдет жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү алууда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын эске алууга гана эмес, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүнү, жакшыртууну камсыз кылууга, кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү үчүн жагымдуу кылууга мүмкүндүк берген зарыл болгон ченемдик базаны түзүү болуп саналат.
Бул милдетти ишке ашыруунун алкагында төмөнкүлөр каралууда:
1) акы төлөө негизинде көрсөтүлүүчү кызматтарга, алынуучу төлөмдөрдүн өлчөмдөрүнө, анын ичинде айрым кызмат көрсөтүүлөр боюнча аларды төмөндөтүүнүн мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу, акы төлөө негизинде кызматтарды көрсөтүү критерийлерин кайра кароо предметине комплекстүү талдоо жүргүзүү;
2) айрым кызмат көрсөтүүлөр боюнча рентабелдүүлүк ченемдерин киргизүүнү эске алуу менен (кызматтарды көрсөтүү үчүн акынын өлчөмүн өздүк нарктан жогору белгилөө) кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмүн аныктоонун жаңыланган тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү;
3) электрондук төлөм системасы (банкоматтар, терминалдар, онлайн төлөмдөр) менен камтылган кызмат көрсөтүүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча чараларды ишке ашыруу.
3.3. Күтүлгөн натыйжалар
Коюлган милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишүү күтүлүүдө:
1) кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн белгиленген өлчөмдөрүнө, анын ичинде аларды азайтуу предметине, ошондой эле кызмат көрсөтүү үчүн акы алууда рентабелдүүлүк ченемдерин киргизүүнү эске алуу менен талдоо жүргүзүлдү;
2) кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо маселелерин жөнгө салуучу жаңыланган ченемдик документтер иштелип чыкты, бекитилди жана колдонулду;
3) электрондук төлөмдөр системасы камтыган кызмат көрсөтүүлөрдүн саны көбөйдү.
4-бөлүм. Кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын
кеңейтүү, кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү
4.1. Учурдагы кырдаалды талдоо
Мыйзамга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлери белгиленди, алардын бири кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдөн суроо-талаптын милдеттүү түрдө болушу болуп саналат. Мында бүгүнкү күндө айрым кызмат көрсөтүүлөр проактивдүү мүнөздө болушу мүмкүн, мында мамлекеттик органдар жана ЖӨБО демилгечи болуп чыгат жана расмий суроо-талап керектөөчүдөн талап кылынбайт.
Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун, башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин мамлекеттик көзөмөлдөө, контролдоо жана лицензиялык талаптар функцияларын ишке ашыруу боюнча иштерине жайылтылбайт. Бирок көпчүлүк учурда мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжалары кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында келип чыгуучу милдеттерди аткарууга түздөн-түз багытталат.
Ушуга байланыштуу бул маселе кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлерин жана жогоруда аталган Мыйзамдын колдонуу чөйрөлөрүн кайра кароо мүмкүн болгон бөлүгүндө кошумча талдоону талап кылат.
Мыйзамда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо булактары жана каражаттары менен бирге жеке юридикалык жана жеке жактарга аткарууга өткөрүп бере ала тургандыгы каралган. Мында мындай өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш экендиги каралган.
Бирок бул ченем бүгүнкү күндө иштебейт, анткени Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык кызыкдар уюмдар сунуштаган баалар эң төмөн болууга тийиш, ал эми ар бир кызмат көрсөтүүнүн белгиленген наркы бар.
Жогоруда айтылгандардын бардыгы кызматтар жөнүндө мыйзамдарды комплекстүү талдоону жана аны өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгууну талап кылат.
4.2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кеңейтүү,
кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү боюнча милдеттер
1-милдет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кеңейтүүгө, анын ичинде проактивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды алып салуу
Программада Мыйзамды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна комплекстүү талдоо жүргүзүү, анын ичинде:
– кызмат көрсөтүүлөрдүн түшүнүгүн жана критерийлерин, акы төлөнүүчү негизде кызмат көрсөтүүлөрдүн критерийлерин өркүндөтүү;
– мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын номенклатурасын кеңейтүү (анын ичинде ЖӨБОнун жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруусунун алкагында: жашоо-турмушту камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрү, социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана башка), ошондой эле алдын ала билдирүү: “билдирүү”, “кабарлоо” принциби боюнча проактивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү каралууда.
Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү укуктук мамилелерди өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыгат жана ишке ашырылат.
Кызматтарды көрсөтүү боюнча функцияларды алар аткарган башка функциялардан чектөө максатында мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун жоболоруна талдоо жүргүзүү, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуудагы реестрлерине кайталоолорду болтурбоо, жарандар үчүн кошумча оорчулук болуп калган кызматтарды башка акы төлөнүүчү иштен чектөө предметине талдоо жүргүзүү пландаштырылууда.
2-милдет. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө жарандык
сектордон жана бизнес-сектордон провайдерлерди
тартуу боюнча иштиктүү механизмдерди түзүү
Программаны ишке ашыруунун алкагында айрым кызматтарды аутсорсингге берүүнүн колдонуудагы ченемдерин кайра карап чыгуу каралууда.
Кызмат көрсөтүүлөрдү толугу менен же алардын айрым этаптарын жеке юридикалык жана жеке жактарга аткарууга берүүнү жөнгө салуучу өзүнчө тартип иштелип чыгат жана бекитилет. Бул тартип Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарынын ченемдерине негизделбейт.
Жеке юридикалык жана жеке жактардын тиешелүү иши ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ошондой эле баа түзүү жана тарифтерди колдонуу, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын сактоо жагында тийиштүү кызмат көрсөтүүлөр аткарууга берилген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан контролдонууга жатат.
Ар кандай чөйрөлөрдө кызматтарды аутсорсингге берүү процессин пилоттоону жүргүзүү каралууда.
4.3. Күтүлгөн натыйжалар
Коюлган милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүү күтүлүүдө:
1) кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кеңейтүү, проактивдүү кызматтарды киргизүү жана кызматтарды аутсорсингге берүү үчүн зарыл болгон ченемдик база түзүлдү;
2) кызмат көрсөтүү боюнча функциялар жарандар үчүн кошумча оорчулук болуп калган мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун башка акы төлөнүүчү ишинен ажыратылды, кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуудагы реестрине талдоо жүргүзүлдү;
3) кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө жарандардын канааттануу деңгээли жогорулады.
5-бөлүм. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө натыйжалуу
башкаруу системасын жана керектөөчүлөр менен
туруктуу кайтарым байланышты түзүү
5.1. Кызмат көрсөтүү жана керектөөчүлөр менен
кайтарым байланыш чөйрөсүндө колдонуудагы
башкаруу системасын талдоо
Азыркы учурда ыйгарым укуктуу орган кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жана административдик регламенттерин бекитүү этаптарында гана мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун кызмат көрсөтүү боюнча ишин координациялоону жүзөгө ашырат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өлчөмүн ыйгарым укуктуу органдын карамагындагы монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашуу жүзөгө ашырылууда.
Муну менен бирге ыйгарым укуктуу орган көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын сактоону, кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү боюнча башка иш-чараларды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн зарыл ыйгарым укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес.
Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун ичинде тиешелүү иштер системалык негизде курулган эмес.
Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун ишинин натыйжалуулугун баалоо мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун жетекчилеринин тийиштүү сапаттагы кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн жоопкерчилигинин төмөн деңгээлинин натыйжасы сыяктуу, кызмат көрсөтүүнүн сапатына түздөн-түз байланыштуу эмес.
Ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү жана коомдук баалоо методикасы бекитилген, ал бүгүнкү күндө кеңири колдонула элек жана өркүндөтүүнү талап кылат.
5.2. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө натыйжалуу
башкаруу системасын жана керектөөчүлөр менен
туруктуу кайтарым байланышты түзүү милдеттери
1-милдет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча туруктуу мамлекеттик системаны түзүү
Программада кызмат көрсөтүүдөгү “сапат”, “жеткиликтүүлүк”, “натыйжалуулук” түшүнүктөрүн, ошондой эле “административдик тоскоолдуктар” түшүнүгүн ченемдик жактан бекитүү каралган. Бул үчүн кызмат көрсөтүү чөйрөсүн, административдик ишти жана административдик жол-жоболорду жана башка чөйрөлөрдү жөнгө салуучу мыйзамдар талданат.
Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну бирдиктүү координациялоону камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уюштуруучулук жана башка мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү маселелери каралат. Анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө туруктуу мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону камсыз кылуу, административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча системалык ишти уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу органга кошумча функцияларды берүү маселеси каралат.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан көз карандысыз эксперттерди жана уюмдарды, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү тартуу менен эки жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүшү керек. Бул иштин жыйынтыгы тийиштүү чараларды көрүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучуларга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет.
Административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча системалык иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен ички аудит жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн баалоо системасы түзүлөт.
Ведомство ичиндеги жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү дайыма өркүндөтүү максатында кызмат көрсөтүү боюнча жумушчу процесстердин реинжиниринги боюнча методика иштелип чыгат. Бул методика иш процесстеринин реинжиниринг базасында аткаруучулардын, ошондой эле кызматтарды керектөөчүлөрдүн чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет.
2-милдет. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө коомдук мониторинг жүргүзүү механизмдерин киргизүүнү жана кеңири колдонууну камсыздоо
Программада кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү жана коомдук баалоо методикасын колдонуу боюнча кеңири маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү каралган.
Ыйгарым укуктуу органдын заказы боюнча коомдук мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу маселеси каралат.
Бул милдет кызматтардын керектөөчүлөрү менен туруктуу жана инструменталдык жактан жабдылган кайтарым байланышты түзүүнү карайт. Мындай кайтарым байланыштын механизми коомдук мониторинг жана алынган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү жана коомдук баа берүү болот, анын максаты кайрылуулардын реалдуу санын, арыз ээси тигил же бул кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасын алганда убактылуу жана материалдык чыгымдардын масштабын аныктоодон турат.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторингдин жана коомдук баалоонун жыйынтыктарын тийиштүү кызмат көрсөтүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу органдын, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун милдеттүү түрдө кароосу эске алынууда.
Бул натыйжалардын негизинде белгиленген тартипте тиешелүү программаларга, пландарга, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине “Калктын ишеним индекси” жөнүндө жобону административдик тоскоолдуктарды азайтуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо (кызмат көрсөтүүлөрдүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоо) боюнча тиешелүү көрсөткүчтөр менен кайра кароо пландалууда.
5.3. Күтүлгөн натыйжалар
Коюлган милдеттерди ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүү күтүлүүдө:
1) кызмат көрсөтүү чөйрөсүн башкаруунун туруктуу системасы түзүлдү;
2) ыйгарым укуктуу орган кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдарды жана ЖӨБОну координациялоону жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү ыйгарым укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ;
3) кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр менен кайтарым байланыштын түзүлгөн системасынын негизинде мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана кызмат көрсөтүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча туруктуу иш жүргүзүлүүдө.
4-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуунун, жарандар жана бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүнүн жана реформаларды тездетүүнүн маанилүү элементтеринин бири катары аныкталган.
Бул маселе Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин үзгүлтүксүз көзөмөлүндө турат.
Пландалган иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында биринчи кадам жасалды, мыйзамга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилди.
Демек түзүлгөн кырдаал Программада коюлган милдеттерди толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Программаны ишке ашырууда төмөнкүдөй мүнөздөгү тобокелдиктер болушу мүмкүн:
1) Программада белгиленген милдеттерди ишке ашырууга мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун жетекчилеринин жетишсиз умтулуусу;
2) Программаны толук көлөмдө ишке ашыруу үчүн финансылык, материалдык, кадрдык ресурстардын чектелүүлүгү.
5-глава. Программаны башкаруу
Программаны башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын ишин координациялоо менен жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1. Ушул Программаны, аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын, Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасын кабыл алат жана бекитет, аткарууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун жыйынтыктары боюнча оңдоолорду киргизет.
2. Зарыл учурда Программанын Иш-чаралар планын аткаруу жана ишке ашыруу жөнүндө отчетторду карайт.
3. Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планында каралган ченемдик укуктук актыларды кабыл алат.
Ыйгарым укуктуу орган:
1. Программаны учурдагы башкарууну, ошондой эле Программанын иш-чараларынын аткарылышына контролду жүзөгө ашырат.
2. Программаны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ишин координациялайт.
3. Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз жүктөлгөн чараларды ишке ашырууну уюштурат.
6-глава. Программаны ишке ашырууга
мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасына ылайык жүзөгө ашырылат.
Мониторинг жана баалоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жылына бир жолудан кем эмес, мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктарын анын расмий сайтына жайгаштыруу менен жүргүзүлөт.
Жыл сайын ыйгарым укуктуу орган жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берет.
7-глава. Программаны ишке ашырууну ресурстук
камсыздоо
Программаны каржылоо жооптуу мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун бекитилген бюджетинин алкагында жүзөгө ашырылат.
Программаны ишке ашырууга эл аралык уюмдар тарабынан техникалык жардам түрүндө берилүүчү каражаттар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар тартылышы мүмкүн.
Программаны ишке ашырууну мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан каржылоонун көлөмү Иш-чаралар планын ишке ашыруунун натыйжаларына жараша тиешелүү жылга мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун бюджетинин долбоорун түзүүдө белгиленген тартипте жыл сайын такталууга тийиш.