Редакцияот 30.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясынын жыйынынын

 

2025-жылдын 30 - апрели, № 4/1                                                   Ылай-Талаа айылы.

Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин 2024-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштеринин абалы жана 2025-жылга милдеттери жөнүндө

                                                                                                     

  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-главасынын 50-“Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине жана ушул эле мыйзамдын 51- “Айыл өкмөтүнүн компетенциясы” беренесинин 1-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жана 2025-жылга милдеттери тууралуу Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевдин 2024-жылдын жыйынтыгы менен жүргүзгөн иштери тууралуу отчету айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

2. Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге:

-айыл аймагын өнүктүрүү боюнча айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыз кылсын;

-айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алсын;

-дем берүүчү гранттык комиссияга, райондук өнүктүрүү фондуна төрттөн кем эмес долбоор сунуштоо менен иш алып барсын,

-санариптештирүүнүн негизинде калкка маалыматтык кызмат көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрүп, КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык өздүгүн тактоочу документтерди “Санарип Аймак” базасы аркылуу жеринде берүүнү уюштурсун,

-СЭД, Е-Кызмат жана Инфодокс программаларды ишке киргизүү менен кызматкерлер, мекемелер ортосунда электрондук документ жүргүзүү алакасына өтүү, жарандарды электрондук базага киргизүү жумуштарын айыл өкмөтүндө жүргүзүүнү камсыз кылсын, 

-балдар менен иш алып барууга өзгөчө көңүл буруп, ата-энелери миграцияда жүргөн балдардын электрондук базасын түзүп, турмуш шарты оор үй-бүлөөлөр менен жакындан иш алып барууну колго алсын,

-калкты сапаттуу ичүүчү таза суу менен камсыз кылууну жана суу төлөмдөрүн өз убагында төлөөнү уюштурсун,

-“Ылай-Талаа – Таза суу - Тазалык” МИнын ишин жандандырып, сугат суу менен камсыздоону, жаңыдан алынган атайын техника менен жайлоонун, чөп орунду жолдорун оңдоону, ички арыктарга копатель алууну уюштурсун,

-таштандыларды ташып чыгуу боюнча “Ылай-Талаа – Таза суу - Тазалык” муниципалдык ишканасына ар тараптуу көмөк көрсөтүү менен долбоор аркылуу жаңы атайын техника алуу  жагын колго алсын,

-жайыттарды, эгин талааларды коргоону, оруп-жыюу маселелерин жөнгө салууну уюштурсун,

-жайлоодон көчүп келүү жагын тартипке салуу, колдонуудагы көпүрөлөрдүн, ички чарбалык жолдордун абалын жакшыртуу, жарыктандыруу сыяктуу маселелерди колго алсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Мойдунов