Редакцияот 30.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясынын жыйынынын

 

2025-жылдын 30 - апрели, № 4/2                                                   

Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы № 23 контурундагы (0,40 га сугат айдоо) турган жалпы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы имаратын куруу үчүн “Калктуу конуш жерлери ”  категориясына которууга (трансформациялоо)  макулдук берүү жөнүндө

                                                                                                     

  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” токтому менен бекитилген жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” токтому менен бекитилген жобонун талаптарына ылайык Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагында ишке ашырылсын.

 

2. Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Талаа айылындагы № 23 контурунда (0,40 га сугат айдоо) турган жалпы 0,40 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы имаратын куруу үчүн “Калктуу конуш жерлери ”  категориясына которууга (трансформациялоого)  макулдук берет.

 

3.Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эргешбаевге тапшырылсын.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Мойдунов