Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 807 токтому менен бекитилди) |
2026–2030-жылдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө
административдик тоскоолдуктарды азайтуу, алардын сапатын, натыйжалуулугун жана
керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча программаны
ишке ашыруу боюнча иш-чаралар
планы
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Каржылоо булагы |
1-артыкчылык. Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө керектөөчүлөрдүн маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу | ||||||
1 | Керектөөчүлөрдү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (мындан ары – кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө актуалдуу, түшүнүктүү жана жетиштүү маалымат менен камсыздоо | 1. Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтын мазмунуна, көлөмүнө жана жайылтуу ыкмаларына бирдиктүү талаптарды иштеп чыгуу | Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтын мазмунуна, көлөмүнө жана жайылтуу ыкмаларына карата бирдиктүү талаптар иштелип чыкты жана бекитилди | ЭКМ | 2026-жылдын июну | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
2. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарында, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун вебсайттарында, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында, кызмат көрсөтүүлөр боюнча автоматташтырылган системаларда жана мобилдик колдонмолордо жайгаштырылган кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты бирдиктүү талаптарга ылайык келтирүү. Анын ичинде майыптыгы бар адамдарга кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат алуу үчүн шарттарды түзүү | Керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты алуу деңгээли жогорулады: – кайрылуу жерлеринде – “алуу пункттарында” кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө бирдиктүү маалымат жайгаштырылды; – майыптыгы бар адамдар үчүн кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат алуу үчүн шарттар түзүлдү | Тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын ноябры | Республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана каржылоонун башка булактарынын алкагында | ||
3. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн консультацияларды, документтердин шаблондорун, наркы, кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыгын берүүчү жерлер жөнүндө маалыматтарды (интернет каналдар, чат, бот, коллборборлор, жасалма интеллект ж.б.) берүү менен 24/7 электрондук маалымдоо системасын түзүү | Керектөөчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты алуу деңгээли жогорулады: – кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө жарандарга 24/7 электрондук маалымдоо системасы түзүлдү жана иштеп жатат | ЭКМ, КРПИБ, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдын январы | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
2 | Калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн заманбап сервистерди колдонуу көндүмдөрүн калыптандыруу | Калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу, кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн заманбап сервистерди колдонуу көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү | Калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар уюштурулду, анын ичинде: –.окутуучу материалдар (брошюралар, видеороликтер ж.б.) даярдалды; –.ЖМКда чыгып сүйлөө; –.кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарында, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын расмий сайттарында тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Өзүнчө план боюнча жыл сайын | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
2-артыкчылык. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарынын ишин өркүндөтүү, керектөөчүлөрдөн документтерди талап кылуу системасын жөнөкөйлөтүү | ||||||
3 | Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарында керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу | 1. Колдонуудагы мамлекеттик жана жеке сектордун инфраструктурасын пайдалануу менен алуу пункттарынын ишинин бирдейлештирилген эрежелерин жана жолжоболорун иштеп чыгуу жана бекитүү | 1. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарынын иштешинин бирдейлештирилген эрежелери жана жолжоболору бекитилди. 2. Бирдейлештирилген эрежелер мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун алуу пункттарынын иш практикасына киргизилди | ЭКМ, КРПИБ, тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдын марты | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
2. Жарандар кайрылган бардык стационардык жерлерди кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн шарттар менен камсыздоо, анын ичинде интернет, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн сервис, документтерди тариздөө үчүн уюштуруу техникасы | Жарандардын кайрылган стационардык жерлери интернет, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн сервис, документтерди тариздөө үчүн уюштуруу техникасы менен жабдылды | Тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын сентябры | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
3. Каттоо, арыздарды кабыл алуу жана кызматтарды көрсөтүү жеринде иштеген операторлор жана кызматкерлер үчүн типтүү нускаманы иштеп чыгуу (тышкы көрүнүшкө, дресскодго, арыз ээлери менен баарлашуу эрежелерине, тилдерди билүүгө ж. б. талаптарды кошкондо) | 1. Каттоо, арыздарды кабыл алуу жана кызматтарды көрсөтүү жеринде иштеген операторлор жана кызматкерлер үчүн типтүү нускама иштелип чыкты жана бекитилди (анын ичинде тышкы көрүнүшкө, дресскодго, арыз ээлери менен баарлашуу эрежелерине, тилдерди билүүгө ж.б. талаптар). 2. Типтүү нускаманын негизинде мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун ички регламенттөөчү документтери иштелип чыкты жана бекитилди | ЭКМ, ЭСКММ, ММЖСМ, КРПИБ, МКЖӨБМА, КРПМБА, МТСУК
Тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын сентябры
2026-жылдын декабры | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында
Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
4. Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр менен түздөн-түз иштеген кызматкерлерди шыктандыруу жана дем берүү процессин жөнгө салуу үчүн ЧУАга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгуу | Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөр менен түздөн-түз иштеген кызматкерлерди шыктандыруу жана дем берүү процессин жөнгө салуу үчүн ЧУАга өзгөртүүлөр киргизилди | ЭКМ жана тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, бюджеттик мекемелер | 2026-жылдын октябры | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
5. Фронт-офистерде иштеген кызматкерлер үчүн квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу | Фронт-кеңселерде иштеген персонал үчүн квалификациялык талаптар бекитилди | Тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын сентябры | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
4 | Көп функциялуу борборлордун тармагын түзүү | 1. Түзүлгөн келишимдердин негизинде макулдашуу боюнча ар кандай министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу менен көп функциялуу борборлорду түзүүнүн моделдерин аныктоо | Көп функциялуу борборлордун иши жөнүндө жобону түзүү жана бекитүү тууралуу ЧУА кабыл алынды | ЭКМ, КРПИБ, ФМ, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА | 2026-жылдын декабры | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
2. Зарыл болгон уюштуруу маселелерин чечүү (анын ичинде оперативдүү башкаруудагы мамлекеттик мекемелердин ичинен зарыл болгон жайлар менен камсыз кылуу) жана кызмат көрсөтүү функцияларын көп функциялуу борборлорго этапэтабы менен өткөрүп берүүнү уюштуруу | Ар кандай министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүчү көп функциялуу борборлору эксплуатацияга киргизилди: – Бишкек шаарында – 2; – Ош шаарында – 2; – Манас шаарында – 1; – башка облустук жана райондук борборлордо – 13 | КРПИБ, ЭКМ, ФМ, ММБМА, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖМА, тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2027–2030- жылдардын ичинде этап- этабы менен | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
3. Ар кандай мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун маалыматтык системаларын киберкоопсуздуктун шарттары жана талаптары менен бир платформага этапэтабы менен интеграциялоо процессин улантуу | Көп функциялуу борборлордо, ошондой эле электрондук форматта көрсөтүлүүчү кызматтардын номенклатурасын кеңейтүү үчүн зарыл шарттар түзүлдү | КРПИБ, МКЖӨБМА, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2026–2030- жылдардын ичинде этап- этабы менен | Республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана каржылоонун башка булактарынын алкагында | ||
4. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуу пункттарын жеке сектордун башкаруусуна өткөрүп берүүнүн укуктук, уюштуруучулук, финансылык механизмдерин жана методикасын иштеп чыгуу | Кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарын жеке сектордун башкаруусуна өткөрүп берүү методикасы (тартиби) бекитилди | ЭКМ, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдын декабры | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
5 | Санариптик форматта кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, суралып жаткан документтердин тизмегин оптималдаштыруу | 1. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө, анын ичинде “Санарип Аймак” системасында маалыматтык базаларды санариптештирүүнү жана автоматташтырууну этап-этабы менен аяктоо | 1. Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун маалыматтык базаларын санариптештирүүнүн жана автоматташтыруунун план-графиги түзүлдү жана аны аткаруу үчүн чаралар көрүлдү. 2. Санариптик форматта көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеги кеңейтилди. 3. Кызмат көрсөтүүлөр стандарттарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2026–2030- жылдардын ичинде этап- этабы менен | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
|
| 2. Ашыкча документтерди жана “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы, башка мамлекеттик жана муниципалдык автоматташтырылган системалар аркылуу ведомстволор аралык алмашуунун алкагында алууга мүмкүн болгон документтерди алып салуу предметине ар бир кызмат көрсөтүү боюнча керектөөчүдөн суралган документтердин тизмектерин талдоо | 1. Кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдөн суралган документтердин тизмектери оптималдаштырылды. 2. Кагаз жүзүндөгү документтерди кыскартуу менен документтерди электрондук форматта берүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилди. 3. Кызматтарды көрсөтүү стандарттарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди | ЭКМ, СӨИТМ, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2026–2030- жылдардын ичинде өз алдынча график боюнча | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
|
| 3. Мобилдик телефондорду жана башка гаджеттерди пайдалануу менен санариптик сервистердин негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн ким экендигин идентификациялоонун альтернативдүү жолжоболору боюнча ченемдерди киргизүү | Кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандартына жана стандарттарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди | ЭКМ, СӨИТМ, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдын декабры | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
|
| 4. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун проактивдүү мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр боюнча жарандарга электрондук даректүү маалымдоо системасын түзүү | 1. Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун кызмат көрсөтүүлөрү боюнча жарандарга электрондук даректүү маалымдоо системасын бекитүү жөнүндө ЧУА кабыл алынды. 2. Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан төмөнкүлөр иштелип чыкты: – кызмат көрсөтүүлөр боюнча жарандарга даректүү маалымдоо сервистери; – кабарланууга тийиш болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги | ЭКМ, СӨИТМ, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2028-жылдын январы | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
3-артыкчылык. Кызматтарды көрсөтүү үчүн акы алуунун натыйжалуу системасын түзүү | ||||||
6 | Жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү алууда керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын эске алууга гана эмес, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын материалдыктехникалык базасын өнүктүрүүнү, жакшыртууну камсыз кылууга, аларды аутсорсингге берүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү жагымдуу кылууга мүмкүндүк берген зарыл болгон ченемдик базаны түзүү | 1. Акы төлөө негизинде көрсөтүлүүчү кызматтарга, алынуучу төлөмдөрдүн өлчөмдөрүнө, анын ичинде айрым кызмат көрсөтүүлөр боюнча аларды төмөндөтүүнүн мүмкүндүгү жана максатка ылайыктуулугу, акы төлөө негизинде кызматтарды көрсөтүү критерийлерин кайра кароо предметине комплекстүү талдоо жүргүзүү | Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өлчөмүн аныктоо маселелерин регламенттештирген ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар иштелип чыкты | ЭКМ, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын декабры | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
2. Кызматтарды көрсөтүү үчүн акы алууда, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүүдө рентабелдүүлүк ченемдерин киргизүүнү эске алуу менен кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана бекитүү | Кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартиби жаңы редакцияда бекитилди | ЭКМ, ФМ | 2027-жылдын июну | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ||
3. Электрондук төлөм системасы (банкоматтар, терминалдар, онлайн төлөмдөр) менен камтылган кызмат көрсөтүүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү | Электрондук төлөм системасы (банкоматтар, терминалдар, онлайн төлөмдөр) менен камтылган кызмат көрсөтүүлөрдүн саны көбөйдү | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жыл сайын | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
4-артыкчылык. Кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кеңейтүү, кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү | ||||||
7 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн номенклатурасын кеңейтүүгө, анын ичинде проактивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктарды алып салуу | 1. “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун натыйжалуулугун комплекстүү талдоо, анын ичинде: – кызмат көрсөтүүлөрдүн түшүнүгүн жана критерийлерин, алардын акы төлөө критерийлерин өркүндөтүү; – мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын номенклатурасын кеңейтүү, анын ичинде электрондук форматта; – проактивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү киргизү | “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалды | ЭКМ, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын майы | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
2. Кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө укуктук мамилелерди өркүндөтүүнү караган ЧУА долбоорун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүү | ЧУА долбоору иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилди | ЭКМ | 2026-жылдын июну | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ||
3. Кызматтарды көрсөтүү боюнча функцияларды алар аткарган башка функциялардан чектөө бөлүгүндө мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун жоболорун талдоо, ошондой эле кайталоолорду жоюу, жарандар үчүн кошумча оорчулук жараткан башка акы төлөнүүчү иштен кызмат көрсөтүүлөрдү чектөө предметине кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуудагы реестрлерин талдоо | 1. Кызматтарды көрсөтүү боюнча функцияларды мамлекеттик органдар жана ЖӨБО аткарган башка функциялардан чектөө боюнча сунуштамалар иштелип чыкты. 2. Кайталоолорду жоюу, жарандар үчүн кошумча оорчулук жараткан башка акы төлөнүүчү иштен кызмат көрсөтүүлөрдү чектөө максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуудагы реестрине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди | ЭКМ, тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдын декабры | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин түзүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү маселелерин жөнгө салуучу колдонуудагы ЧУАны кайра кароо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин түзүү маселелерин жөнгө салуучу ЧУАга, Кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандартына өзгөртүүлөр киргизилди | ЭКМ | 2027-жылдын январы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ||
5. Кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө укуктук мамилелерди өркүндөтүү боюнча кабыл алынган чечимдерди эске алуу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуудагы бирдиктүү реестрин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин инвентаризациялоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине инвентаризация жүргүзүлдү, реестрлерге өзгөртүүлөр киргизилди | ЭКМ | 2027-жылдын июлу | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ||
6. Проактивдүү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү практикалык этап-этабы менен ишке киргизүүнү уюштуруу | 1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерине кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдөн милдеттүү түрдө сурабастан көрсөтүлүшү мүмкүн же көрсөтүлүүгө тийиш болгон кызматтарды аныктоо предметине талдоо жүргүзүлдү. 2. Пилоттук негизде проактивдүү кызматтарды көрсөтүүнүн регламенттери даярдалды жана бекитилди. 3. Айрым мамлекеттик кызматтарды проактивдүү негизде көрсөтүү уюштурулду | ЭКМ, тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча | 2027-жылдын апрели
2027-жылдын июну
2027-жылдын июну | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
8 | Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө жарандык сектордон жана бизнес-сектордон провайдерлерди тартуу боюнча иштиктүү механизмдерди түзүү | 1. Жеке секторго ар түрдүү чөйрөдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү берүү мүмкүнчүлүктөрүн (анын ичинде укуктук, финансылык, уюштуруу-башкаруу аспекттери) изилдөө жана талдоо жүргүзүү | Талдоо жүргүзүлдү, кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү үчүн зарыл болгон чаралар боюнча сунуштар жана сунуштамалар даярдалды | ЭКМ, тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын сентябры | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
|
| 2. Жеке секторго кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү тартибин (методикасын) иштеп чыгуу жана бекитүү | Жеке секторго айрым кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүү тартиби (методикасы) иштелип чыкты жана бекитилди | ЭКМ, мамлекеттик органдар жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын декабры | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
|
| 3. Жеке секторго ар түрдүү чөйрөдөгү кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүп берүү процессин пилоттоону андан ары ар кандай чөйрөлөргө киргизүү менен жүргүзүү | 1. Кызмат көрсөтүүлөрдү жеке секторго берүү процессин ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоор өткөрүлдү жана пилоттоонун жыйынтыгы боюнча жыйынтыктар бааланды. 2. Пилоттук долбоордун натыйжалары ар түрдүү чөйрөлөрдө кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге өткөрүп берүү үчүн колдонулат | ЭКМ, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2027–2030- жылдар | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында |
5-артыкчылык. . Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө башкаруунун жана керектөөчүлөр менен туруктуу кайтарым байланыштын натыйжалуу системасын түзүү | ||||||
9 | Көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун туруктуу мамлекеттик системасын түзүү | 1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн “сапаты”, “жеткиликтүүлүгү” жана “натыйжалуулугу”, “административдик тоскоолдуктар” түшүнүктөрүн иштеп чыгуу жана ченемдик жактын бекитүү максатында кызмат көрсөтүү чөйрөсүн, административдик ишти жана административдик жол-жоболорду жөнгө салуучу мыйзамдарга талдоо жүргүзүү жоболорду, башка чөйрөлөрдү жөнгө салуучу мыйзамдарга талдоо жүргүзүү 2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн “сапаты”, “жеткиликтүүлүгү” жана “натыйжалуулугу”, “административдик тоскоолдуктар” түшүнүктөрүн ченемдик жактан бекитүү үчүн ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу | Кызмат көрсөтүү чөйрөсүн, административдик ишти жана административдик жолжоболорду, башка чөйрөлөрдү жөнгө салуучу мыйзамдарга талдоо жүргүзүлдү. Мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар жана сунуштамалар иштелип чыкты
Кызмат көрсөтүүлөрдүн “сапаты”, “жеткиликтүүлүгү” жана “натыйжалуулугу”, “административдик тоскоолдуктар” түшүнүктөрүн ченемдик жактан бекитүүнү, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун административдик тоскоолдуктарды талдоо жана кыскартуу боюнча милдеттерин караган ЧУА кабыл алынды | ЭКМ
ЭКМ | 2026-жылдын Декабры
2026-жылдын декабры | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында
Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
3. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салуучу ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү: – кызмат көрсөтүүлөрдүн мониторингин, сапатын жана жеткиликтүүлүгүн контролдоону камсыз кылуу, административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча чараларды координациялоо боюнча кошумча функцияларды берүү; – кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча анын уюштуруучулук жана башка мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү (зарыл учурда) | Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жөнгө салуучу ЧУАга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган ЧУАлар кабыл алынды | ЭКМ | 2027-жылдын марты | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын талаптарынын аткарылышына аудитти жана контролду, административдик тоскоолдуктарды кыскартуу предметине талдоону үзгүлтүксүз жүргүзүүнү киргизүү | Кызмат көрсөтүү стандартынын аткарылышына аудит жүргүзүү жана контролдоо, административдик тоскоолдуктарды кыскартууга талдоо жөнүндө жобо иштелип чыкты жана кабыл алынды |
ЭКМ, СӨИТМ | 2027-жылдын июлу | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ||
5. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, анын ичинде административдик тоскоолдуктарды азайтуу бөлүгүндө ички баалоону (мындан ары – ички баалоо) системалуу жүргүзүүнү уюштуруу | Ыйгарым укуктуу орган, кызмат көрсөтүүчү мекемелер жүргүзгөн ички баалоонун натыйжалары боюнча, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, анын ичинде административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча ишчаралар иштелип чыгууда жана жүзөгө ашырылууда | ЭКМ, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдан тартып ар жыл сайын | Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын алкагында | ||
6. Ведомство ичиндеги жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү максатында кызматтарды көрсөтүүдө жумушчу процесстерди реинжиниринг боюнча методиканы иштеп чыгуу | Кызматтарды көрсөтүүдө иш процесстерин реинжиниринг боюнча методика иштелип чыкты жана бекитилди | ЭКМ, СӨИТМ | 2027-жылдын февралы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | ||
10 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө коомдук мониторинг жүргүзүү механизмдерин киргизүүнү жана кеңири колдонууну камсыздоо | 1. Кызматтардын сапатына керектөөчүлөрдүн канааттануу деңгээлине талдоо жүргүзүү | Кызматтардын сапатына керектөөчүлөрдүн канааттануу даражасы аныкталды | ЭКМ, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүчү мамлекеттик органдар жана бюджеттик мекемелер, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Ар жыл сайын | Республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын жана каржылоонун башка булактарынын алкагында |
|
| 2. Административ-дик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча чараларды баалоону эске алуу менен коомдук мониторинг жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук баа берүү методикасын кайра карап чыгуу | Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү жана коомдук баалоо методикасына өзгөртүүлөр кабыл алынды | ЭКМ | 2026-жылдын ноябры | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
|
| 3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү жана коомдук баалоо методикасын колдонуу боюнча кеңири маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Коомдук уюмдардын, эксперттик жана бизнес коомчулуктардын Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү жана коомдук баалоо методикасы жөнүндө маалымдуулугунун деңгээли жогорулатылды, анын ичинде: 1) Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү жана коомдук баалоо методикасы ЭКМнын веб-сайтында жайгаштырылды; 2) Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына коомдук мониторинг жүргүзүү жана коомдук баалоо методикасын колдонуу маселелерин түшүндүрүү боюнча тегерек столдор, семинарлар өткөрүлдү | ЭКМ | 2027-жылдын апрели | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
|
| 4. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБ аткаруу органдарынын ишине “Калктын ишеним индекси” жөнүндө жобону административдик тоскоолдуктарды азайтуу боюнча тиешелүү көрсөткүчтөр менен толуктоо | 1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБ аткаруу органдарынын ишине “Калктын ишеним индекси” жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ЧУА кабыл алынды. 2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБ аткаруу органдарынын ишине “Калктын ишеним индексинин” алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү системалуу баалоо киргизилди | ЭКМ, СДУИ, УСК | 2027-жылдын июлу | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
Кыскартуулардын тизмеси
| ||
КРПМБА | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы |
МКЖӨБМА | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
ММБМА | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
ЖМА | – | жергиликтүү мамлекеттик администрация |
ММЖСМ | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
ЭСКММ | – | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ФМ | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
СӨИТМ | – | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана маалыматтык технологиялар министрлиги |
ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
СДУИ | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту |
УСК | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
МТТСУК | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия |
ЧУА | – | ченемдик укуктук акт |
ЖӨБО | – | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
КРП облустардагы ЫУӨ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
КРПИБ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы |