Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ
15.01.2025 № 5
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Дөбө айылынын тургундарынын 2025-жылдын 13-январындагы, мазар маселеси боюнча жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Дөбө айылынын тургундарынын 2025-жылдын 13-январындагы, “Ынтымак” мазары толуп көйгөй жаратып жаткандыгынан Ош-3000 көчөсү менен Беш-карам көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Дул-Дул-Ат-1,2,3 мазарларынын мөөнөтү толук бүткөндүгүнө байланыштуу, кайра адам коюуга уруксат сурап жазган арызын таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Дөбө айылынын тургундарынын 2025-жылдын 13-январындагы, “Ынтымак” мазары толуп көйгөй жаратып жаткандыгынан Ош-3000 көчөсү менен Беш-карам көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Дул-Дул-Ат-1,2,3 мазарларынын мөөнөтү толук бүткөндүгүнө байланыштуу, кайра адам коюуга уруксат сурап жазган арызы канаттандырылсын.
2. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Дөбө айылынын тургундарынын 2025-жылдын 13-январындагы, “Ынтымак” мазары толуп көйгөй жаратып жаткандыгынан Ош-3000 көчөсү менен Беш-карам көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Дул-Дул-Ат-1,2,3 мазарларынын мөөнөтү толук бүткөндүгүнө байланыштуу кайра адам коюуга уруксат берилсин.
3. Тийиштүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|