Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ
15.01.2025 № 6
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Үнкүр, Кызыл-Коргон, Кесек жана Төлөйкөн айылдарынын тургундарын интернет байланышы менен камсыздоо жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Үнкүр, Кызыл-Коргон, Кесек жана Төлөйкөн айылдарынын тургундарын интернет байланышы менен камсыздоо боюнча Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын жазган кайрылуусу, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө №123 мыйзамынын негизинде Достук айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Достук айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Үнкүр, Кызыл-Коргон, Кесек жана Төлөйкөн айылдарынын тургундарын интернет байланышы менен камсыздоо максатында Араван райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын ажыратып берүү жагы суралсын.
2.Араван районунун мамлекеттик администрациясынан жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван райондук Өнүктүрүү фондунан бул долбоорду ишке ашыруу жагы суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|