Редакцияот 14.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясынын жыйынынын

 

2025-жылдын 14 - июлу, № 5/2                                                   

Ылай-Талаа  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  2025-жылга бекитилген  бюджетинин 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы  жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 5-главасынын 50-“Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү” беренесине жана ушул эле мыйзамдын  51- “Айыл өкмөтүнүн компетенциясы” беренесинин 1-пунктуна, айылдык Кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  2025-жылга бекитилген  бюджетинин 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  ФЭБ  башчысы А.Жолдошованын маалыматын, Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык   Кеңешинин  бюджет боюнча  туруктуу комиссиясынын  жыйналышынын  берген сунушун   угуп  жана талкуулап  Ылай-Талаа  айыл аймагынын айылдык   Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Ылай-Талаа  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  2025-жылга бекитилген бюджетинин 2025-жылдын алты айынын жыйынтыгында киреше бөлүгү 24 690,9миң сомго, чыгаша бөлүгү 20 663,4 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

              (№ 1 жана № 2 тиркемелер тиркелет)

2. Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык   Кеңешинин  социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Мойдунов