Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ
15.01.2025 № 7
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылынын тургуну Ашимов Кудайберди Мамазаитовичтин 2024-жылдын 25-декабрындагы, “Асыл маданият” коомдук фондунун директору Бекмурзаев Самат Акматбековичтин берген ишеним катынын негизинде “Асыл маданият” коомдук фондунун жеке менчигине таандык болгон турак жай багытындагы 420,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын “Окуу борбору жана жатакана” багытына өзгөртүү менен жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылынын тургуну Ашимов Кудайберди Мамазаитовичтин 2024-жылдын 25-декабрындагы, “Асыл маданият” коомдук фондунун директору Бекмурзаев Самат Акматбековичтин берген ишеним катынын негизинде “Асыл маданият” коомдук фондунун жеке менчигине таандык болгон Мамлекеттик актынын сериясы Ч №829412, идентификациялык номери 5-02-03-1005-0434 жана регистрация номери 502-2021-20565 саны ыйгарылган турак жай багытындагы жана 2021-жылдын 15-февралында берилген техникалык паспорт боюнча “Асыл маданият” коомдук фондуна таандык 420,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын “Окуу борбору жана жатакана” багыты кылып өзгөртүү жөнүндө жазган арызы менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылынын тургуну Ашимов Кудайберди Мамазаитовичтин 2024-жылдын 25-декабрындагы, “Асыл маданият” коомдук фондунун директору Бекмурзаев Самат Акматбековичтин берген ишеним катынын негизинде “Асыл маданият” коомдук фондунун жеке менчигине таандык болгон Мамлекеттик актынын сериясы Ч №829412, идентификациялык номери 5-02-03-1005-0434 жана регистрация номери 502-2021-20565 саны ыйгарылган турак жай багытындагы жана 2021-жылдын 15-февралында берилген техникалык паспорт боюнча “Асыл маданият” коомдук фондуна таандык 420,0 чарчы метр жер тилкесинин багытын “Окуу борбору жана жатакана” багыты кылып өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Ашимов Кудайберди айыл өкмөтүнө “Асыл маданият” коомдук фондунун директору Бекмурзаев Самат Акматбековичтин берген ишеним катынын негизинде “Асыл маданият” коомдук фондунун жеке менчигине таандык болгон Мамлекеттик актынын сериясы Ч №829412, идентификациялык номери 5-02-03-1005-0434 жана регистрация номери 502-2021-20565 саны ыйгарылган турак жай багытындагы жана 2021-жылдын 15-февралында берилген техникалык паспорт боюнча “Асыл маданият” коомдук фондуна таандык тийиштүү болгон документтерин алып келсин жана айыл өкмөтүнөн тийиштүү болгон чечим чыгарылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|