Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ
15.01.2025 № 8
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Араван айылынын айыл башчысы Аманов Романбектин 2025-жылдын 9-январындагы, Жаңы-Араван айылына жаңы мектеп куруу үчүн жер тилкесин которууга (трансформациялоого) сунуштап берүү жөнүндө жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Араван айылынын айыл башчысы Аманов Романбектин 2025-жылдын 9-январындагы, Жаңы-Араван айылына караштуу И.Жалилов көчөсүндө жайгашкан 1,75 га жер тилкесине жаңы мектеп куруу үчүн которууга (трансформациялоого) сунуштап берүү жөнүндө жазган арызын таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Араван айылынын айыл башчысы Аманов Романбектин 2025-жылдын 9-январындагы, Жаңы-Араван айылына караштуу И.Жалилов көчөсүндө жайгашкан 1,75 га жер тилкесине жаңы мектеп куруу үчүн которуу (трансформациялоо) үчүн Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн Райондук комиссияга сунушталсын.
2. Достук айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Араван айылынын айыл башчысы Аманов Романбекке Араван райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясына, Жаңы-Араван айылына караштуу И.Жалилов көчөсүндө жайгашкан 1,75 га жер тилкеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү №665 токтомунун негизинде тийиштүү документтерди алып баруусу милдеттендирилсин жана максаттуу багытта пайдалансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|