Редакцияот 14.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышындагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясынын жыйынынын

 

2025-жылдын 14 - июлу, № 5/3                                                   

Ылай-Талаа  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн 2025-жылга  бекитилген бюджетине   өзгөртүүлөрдү жана  толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын  3-главасынын 34-беренесинин 2–пунктуна жана   Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин Регламентинин  1-бөлүгүнүн 2-главасынын 2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  2025-жылга бекитилген  бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Жолдошованын маалыматын,   Ылай-Талаа  айыл аймагынын айылдык    Кеңешинин бюджет  боюнча туруктуу  комиссиясынын  жыйналышынын берген  сунушун   угуп жана  талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ылай-Талаа  айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн   2025-жылга  бекитилген  бюджетине  зарылчылык келип  чыккандыгына  байланыштуу өзгөртүүлөр  жана толуктоолор  киргизилсин.   

2. Өзгөртүүлөрдү жана  толуктоолорду  Ылай-Талаа айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн бюджеттик  планына киргизип  берүү  жагы КРФМ Кара-Кулжа каржы  башкармалыгынан  суралсын.

3.Бюджетке  өзгөртүүлөрдү  жана  толуктоолорду киргизүүдө  тиешелүү  документтерди даярдап  райондук  каржы башкармалыгына  тапшыруу  жагы Ылай-Талаа  айыл аймагынын айыл   өкмөтүнүн   ФЭБ башчысы А.Жолдошовага милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Ылай-Талаа  айыл аймагынын айылдык  Кеңешинин  социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу  комиссиясына (төрагасы А.Кадыркулов) тапшырылсын

 

Төрага

А.Мойдунов