Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ
15.01.2025 № 9
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 15-январындагы, 2025-жылга айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жана айыл чарбасына багытталбаган жерлерин же салыгын базалык ставкасын бекитүү жөнүндөгү кайрылуу катын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн башчысынын 2025-жылдын 15-январындагы, 2025-жылга айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жана айыл чарбасына багытталбаган жерлерин же салыгын базалык ставкасын бекитүү жөнүндөгү кайрылуу катын бекитүүнү карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 33-беренесинин 6-пунктун жетекчиликке алып жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы токтом кылат:
1.Достук айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы жер тилкелерине жер салыгынын базалык ставкасы 15% га көтөрүлсүн жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерден аймактык салык коэффиценти К-1,2 болуп өзгөрүүсүз калсын.
1.Достук айыл өкмөтүнүн аймагындагы чыгындыларды ташуу үчүн салык тургундарга 100 (жүз) сом жана ишкана мекемелердин ар бир кызматкерине 200 (эки) жүз сом болуп белгиленсин.
2.Достук айыл өкмөтүндөгү жер салыгынын жана мүлк салыгын эсептөө жана айыл өкмөтүнүн бюжетине түшүрүү айыл өкмөтүнүн салык кызматчыларына тапшырылсын.
3.Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|