Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ
15.01.2025 № 10
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Дөбө айылында жайгашкан жалпы аянты 11,14 га болгон жер тилкесин, мамлекеттик мүлк фондунун менчиктик эсебинен айыл өкмөтүнүн эсебине муниципалдык менчик катары өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө
Достук айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги, Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Пахта-Дөбө айылында жайгашкан жалпы аянты 11,14 га болгон жер тилкесин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, бюджетти көтөрүү максатында мамлекеттик мүлк фондунун менчиктик эсебинен айыл өкмөтүнүн эсебине муниципалдык менчик катары өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Достук айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Достук айыл аймагынын өкмөтүнө караштуу Пахта-Дөбө айылында жайгашкан жалпы аянты 11,14 га болгон жер тилкесин жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, бюджетти көтөрүү максатында мамлекеттик мүлк фондунун менчиктик эсебинен айыл өкмөтүнүн эсебине муниципалдык менчик катары өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2.Тийиштүү иш кагаздарын даярдап, аткарууга алуу жагы Достук айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Суралсын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Араван районундагы филиалынан жана Араван районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер тилкесине мыйзам ченеминдеги тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча жана өнөр жай курулуш, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча туруктуу комиссияларынын курамына тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|