Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ
15.01.2025 № 11
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн Кесек айылынын айыл башчысы З.Маматалиевдин, Кесек айылында жайгашкан мазар толуп калгандыгына байланыштуу мазар үчүн жер тилкесин ажыратып берүү үчүн жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн Кесек айылынын айыл башчысы З.Маматалиевдин, Кесек айылында жайгашкан мазар толуп калгандыгына байланыштуу, Жаңы-Араван айылына караштуу жайыт жеринен 2 га жер тилкесин мазар үчүн ажыратып берүү жөнүндө жазган арызын таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы токтом кылат:
1.Достук айыл өкмөтүнүн Кесек айылынын айыл башчысы З.Маматалиевдин, Кесек айылында жайгашкан мазар толуп калгандыгына байланыштуу, Жаңы-Араван айылына караштуу жайыт жеринен 2 га жер тилкесин мазар үчүн ажыратып берүү үчүн жазган арызы канаттандырылсын.
2.Кесек айылында жайгашкан мазардын толуп калгандыгына байланыштуу, Жаңы-Араван айылына караштуу жайыт жеринен 2 га жер тилкесин мазар кылуу үчүн жайыт жер тилкесин которууга (трансформациялоого) Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн Райондук комиссияга сунушталсын.
3.Достук айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Октамовго Араван райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясына, Жаңы-Араван айылына караштуу жайыт жер тилкесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү №665 токтомунун негизинде тийиштүү документтерди алып баруусу милдеттендирилсин жана максаттуу багытта пайдалансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|