Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ
15.01.2025 № 12
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн Кесек айылынын айыл башчысы З.Маматалиевдин 2025-жылдын 11-январь айындагы, Кесек айылындагы №1348 контурда жайгашкан 0,20 га жер тилкесине бала бакча куруу үчүн, жер тилкесин которууга (трансформациялоого) сунуштап берүү жөнүндө жазган арызын карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн Кесек айылынын айыл башчысы З.Маматалиевдин 2025-жылдын 11-январь айындагы, Кесек айылындагы №1348 контурда жайгашкан 0,20 га жер тилкесине бала бакча куруу үчүн которууга (трансформациялоого) сунуштап берүү жөнүндө жазган арызын таанышып чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы токтом кылат:
1.Достук айыл өкмөтүнүн Кесек айылынын айыл башчысы З.Маматалиевдин, Кесек айылындагы №1348 контурда жайгашкан 0,20 га жер тилкесине бала бакча куруу үчүн которууга (трансформациялоого) сунуштап берүү үчүн жазган арызы канаттандырылсын.
2.Кесек айылындагы №1348 контурда жайгашкан 0,20 га жер тилкесине бала бакча куруу үчүн которууга (трансформациялоого) Араван районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн Райондук комиссияга сунушталсын.
3.Достук айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Октамовго Араван райондук мамлекеттик администрациясынын комиссиясына, Кесек айылындагы №1348 контурда жайгашкан 0,20 га жер тилкесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү №665 токтомунун негизинде тийиштүү документтерди алып баруусу милдеттендирилсин жана максаттуу багытта пайдалансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|