Загрузка документа…
Достук айылдык Кенешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3- сессиясы
ТОКТОМ
15.01.2025 № 13
Пахта-Дөбө айылы
Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун, Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан, Достук айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен Кадиров Рустамбек Арипжанович өткөрүп берген чайхананын багытын, убактылуу намазкана багытына өзгөртүү менен жазган билдирүүсүн карап чыгуу жөнүндө
Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун, Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан, Достук айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен Кадиров Рустамбек Арипжанович өткөрүп берген чайхананын багытын, убактылуу намазкана багытына өзгөртүү менен жазган билдирүүсүн карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Достук айылдык Кеңешинин 2-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы токтом кылат:
1. Достук айыл өкмөтүнүн башчысы М.Н.Кадировдун, Араван айылынын Ош-3000 көчөсүндө жайгашкан, Достук айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен Кадиров Рустамбек Арипжанович өткөрүп берген чайхананын багытын, убактылуу намазкана багытына өзгөртүү менен жазган билдирүүсү канаттандырылсын.
2. Достук айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен Кадиров Рустамбек Арипжанович өткөрүп берген чайхананын багытын, убактылуу намазкана багыты кылып өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы Т.Пиратовго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Р.Худайбердиев |
|
|